Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Марипов: коронавирус жуктургандар арыктап, алсырашат

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРАсамидин Марипов
Асамидин Марипов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов коронавирус жуктургандар ооруканага келип түшкөндөгү абалы жана аларды дарылоо ыкмасы тууралуу айтып берди.
Марипов: коронавирус жуктургандар арыктап, алсырашат

Коронавирус жуктургандар арыктап, күч-кубаты кетип калууда. Ошондуктан бейтаптарга күчтүү жана витаминдүү тамактарды берип туруу зарыл. Бул тууралуу Асамидин Марипов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 жуктурган адам ооруканага алгач грипптин оор түрүндөгүдөй симптомдор менен түшөт.

"Адамдын дене табы көтөрүлүп, кургак жөтөл менен коштолот. Анан бейтап энтигип, пневмония тез өрчүп, өпкөнү кыйла жабыркатууда. Аларга тиешелүү дары-дармектерди берип жатабыз. Симптомдору билинип ооруп калган адам бир айга чукул убакытта сакаюуда. Бул илдет иммунитетти жабыркаткандыктан адам арыктап, алсырап калат. Андыктан кубаттуу, витаминдүү тамактарды бериш керек. Ал эми дары-дармек боюнча айта турган болсом, алгач күчтүү антибиотиктер, анан вируска каршы дарылар берилүүдө. Оору күчөп кеткенде дарылар алсыздык кылат экен. Мындай учурда жаңы муундагы антибиотиктер колдонулууда. Айрымдарга кислородду аппарат аркылуу берүүгө дагы туура келип жатат", — деди Марипов.

Ошондой эле дарыгер коронавирус жуктургандардын баарында эле симптомдору байкала бербей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0