Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исираилов: малды комплекстүү дарылап, анан кезүүгө кошуш керек

© Sputnik / Асел СыдыковаВетеринар Азиз Исираилов
Ветеринар Азиз Исираилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринар Азиз Исираилов өлкөдө кеңири тарап, малчылар тарабынан колдонулуп жүргөн малды кезүүгө кошуунун алдында жасала турган бир катар иш аракеттерди санап берди.
Исираилов: малды комплекстүү дарылап, анан кезүүгө кошуш керек

Көпчүлүк айылдарда малды бадага кошуп, кезектешип кайтарышат. Бирок алгач малды комплекстүү дарылап алуу зарыл. Бул тууралуу Азиз Исираилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Айыл жергесинде атаандаштык менен жашоо жүрөт. Мисалы, бирөөнүн эки эчки, бир кою бар болсо, кошунасыныкы 100-200 кою болушу мүмкүн. "Менде эки эле кой. Андан эч нерсе тарабайт, оору жукпайт. Андан көрө тигинин 100-200 кою бар, ошол дарылатсын" деген ойлор болушу ыктымал. Республикада уйларда шарп, койлордон үзүлбөй келе жаткан котур жана башка көптөгөн ылаңдар бар. Алар кайсы малдан жайылып кетерин эч ким билбейт. Ошондуктан кимде канча мал экенине карабастан, баары бирдей комплекстүү дарылатуусу зарыл. Жаз келгенде койлорду киринтүү, тагыраагы, күпкөгө салуу керек. Кээ бирлер муну кылбастан ар кандай уколдорду өз алдынча сайып коюп кезүүгө кошо беришет. Бирок бул тийиштүү натыйжасын бербейт. Ошондой эле уйду бадага кошордун алдында, мүйүзүн кароо шарт. Себеби мүйүзү учтуу уйлар тууй элек малды челип, сүзүп жибериши мүмкүн. Ошондуктан мал ээси айылдашынын дагы кызыкчылыктарын эске алуусу зарыл", — деди Исираилов.

Ветеринар ошондой эле пародасын бузуп албоо үчүн эркек малдын жыныстык жактан жетилгендерин гана кезүүгө кошуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0