Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов

Эргешов: карантин орозо кармоого ыңгайлуу учур

143
(жаңыланган 12:56 16.04.2020)
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов быйыл Рамазан айы 24-апрелге туш келиши мүмкүндүгүн айтты.
Эргешов: карантин орозо кармоого ыңгайлуу учур

Аалымдар кеңеши онлайн-жыйындарды өткөрүп, быйылкы Рамазан айы кайсы күнгө туш келерин талкуулашууда. Жакынкы күндөрү онлайн-чогулуштардын жыйынтыгы менен муфтият бул боюнча расмий билдирүү таратат. Бул тууралуу Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү санитардык карантин орозо кармоого эч кандай тоскоолдук жаратпайт.

"Аалымдар кеңеши өз бүтүмүн чыгарган соң орозонун так датасы тууралуу калкка маалымат берилет. Орозо кармоо карантин учуруна туш келип калганы эч кандай көйгөй жаратпаш керек. Тескерисинче, "жумуштан бошобойм", "убактым жок" дегендерге жакшы мүмкүнчүлүк жаралууда. Ал эми орозодо аткарылчу ооз ачар, эркектерге таравих намазын жамаат менен окуу сыяктуу адаттарды үй-бүлө мүчөлөрү менен өз үйүбүздө эле жасашыбыз керек. Биз жашап жаткан өлкөбүздүн мыйзамдарына баш ийүү менен жалпы коомго зыян алып келчү иштерди жасагандан оолак болушубуз шарт", — деди Эргешов.

Ал ошондой эле орозо учурунда берилчү садака боюнча да Аалымдар кеңеши чечим чыгарарын, адамдар учурдагы тартиптерге туура келбеген кандайдыр бир аракеттерди жасабай туруусун кошумчалады.

143
Белгилер:
эреже, рамазан, орозо
Тема:
Орозо — 2020 (21)
Тема боюнча
Эргешов: орозо тутуу — ден соолукка пайдалуу
2020-жылдын Орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) маалы
Карантинде үйдөн ооз ачалы! Муфтий Токтомушевдин элге кайрылуусу видеодо
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев

Иманалиев: COVID-19дан улам быйылкы эс алуу тартиби бир топ өзгөрөт

18
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев коронавирус пандемиясына байланыштуу эс алуучу жайлар үчүн жергиликтүү бийлик жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын талаптар иштелип чыкканын айтты.
Иманалиев: COVID-19дан улам быйылкы эс алуу тартиби бир топ өзгөрөт

Коронавирус эпидемиясынан улам туристтердин коопсуздугу үчүн пансионаттардан санитардык паспорт талап кылып жатабыз. Эгерде андай документ болбосо, эс алуучу жайлар ишин баштай албайт. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл районунун аймагында 180ден ашуун пансионат бар.

"Акыркы тапта күн ысыгандыгына байланыштуу Ысык-Көлгө келгендердин саны кескин өстү. Мындан улам жергиликтүү эс алуучу жайлардын кожоюндары да жайкы туристтик сезондун качан башталарына кызыгып, мамлекет тарабынан бул багытта кандай чара көрүлөрүн сурап жатышат. Вирустун жайылуусун алдын алып Ысык-Көл райадминистрациясы менен саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү атайын санитардык-эпидемиологиялык талаптарды иштеп чыкты. Ага ылайык, ишин баштай турган ар бир пансионатта санитардык паспорт болушу керек. Ал документи жок эс алуучу жайлар ишин жанданта албайт. Санитардык паспортто коронавируска байланыштуу пансионаттар кандай иш алып баруусу керектиги тууралуу маалыматтар камтылган. Мисалы, эс алуучулардын өздүк гигиенаны сактоосуна тийиштүү шарттарды түзүп берүү, алардын арасындагы аралыкты сактоо, бир бөлмөдө эки кишиден ашык адамдын жайгашуусуна тыюу салуу, эс алуучу жайды толугу менен дезинфекциялап чыгуу жана ал процедураны байма-бай аткарып туруу, ар бир пансионатта медициналык пунктулардын болуусу, чет жактан келген туристтерден ПЦР-анализин талап кылуу, пляждарда тогуз чарчы метр жерде экиден гана кишинин жайгашуусу сыяктуу эрежелер каралган. Ошондой эле биз өзүбүз дагы COVID-19га экспресс-тест сатып алууну пландап жатабыз. Мындан сырткары, район аймагына келген ар бир эс алуучу тууралуу маалыматтарды да пансионаттардан талап кылабыз", — деди Иманалиев.

Аким ошондой эле пансионаттардагы санитардык-эпидемиологиялык абалга кожоюндары толугу менен жооптуу болорун айтып, алар келген эс алуучулар менен карантиндик эрежелерди сактоо боюнча келишим түзүшөрүн кошумчалады.

18
Белгилер:
пансионат, эс алуу, паспорт, Ысык-Көл, Данир Иманалиев
Тема боюнча
Иманалиев: эми айыл өкмөттөр да онлайн байланышта болуп турушат
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын координациялоо жана алдын алуу башкармалыгынын жашы жете электердин иши боюнча бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова. Архив

Адылова: 30-майда өтчү Акыркы коңгуроону милиция көзөмөлдөйт

38
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын координациялоо жана алдын алуу башкармалыгынын жашы жете электердин иши боюнча бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова 30-майда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштээрин айтты.
Адылова: 30-майда өтчү Акыркы коңгуроону милиция көзөмөлдөйт

30-майда республика боюнча Акыркы коңгуроо салтанаты онлайн түрдө белгиленерин Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Ушуга байланыштуу күч түзүмдөрү да өздөрүнүн тиешелүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу Нуржан Адылова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, атайын чыгарылган буйруктун негизинде милиция кызматкерлери окуучулардын жаратылышка эс алууга чыгуусуна жана башка чогулууларына жол бербөө үчүн көз салып турат.

"Быйыл Акыркы коңгуроо салтанаты онлайн өтө турган болду. Биз ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр муну түшүнүү менен кабыл аларына ишенебиз. Ошентсе да 30-майда биздин кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштейт. Алар атайын буйруктун негизинде тартипке көз салып турушат. Эгер Республикалык штаб, Билим берүү жана илим министрлигинин эскертүүлөрүнө карабай кече өткөрүү үчүн чогулган окуучулар же мектепти бүтүргөндүгүнүн юбилейлик датасын белгилеп жүргөн адамдар тобу болсо, милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, айып салынат", — деди Адылова.

Ал ата-энелерди ушул күнү балдарына көз салып турууга, коомдук тартипти сактоого өз салымдарын кошууга чакырды.

38
Белгилер:
коронавирус, тартип, акыркы коңгуроо
Тема боюнча
Мукеева: акыркы 30 жылда медициналык билим берүү начарлады
Олимпиадалык шакектер жана желек. Архив

Кыргыз спортчулары олимпиадага 1-июндан тарта даярдана баштайт

0
(жаңыланган 18:47 29.05.2020)
Машыгуулар өтчү жайларда бардык санитардык нормалар сакталып, эпидемияга каршы иш-чаралар маал-маалы менен өткөрүлүп турат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандык курама командалар эл аралык мелдештерге 1-июндан тарта даярдануусун баштап, машыгууларга киришет. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Биринчи кезекте сөз Токио Олимпиадасына жолдомо берилчү мелдештерге катыша турган курама командалар тууралуу болуп жатат.

Эл аралык мелдештер башталса, катышуу үчүн олимпиадалык эмес жана улуттук спорттук оюндардын түрлөрү боюнча дагы машыгуулар башталат.

"Курама командалардын мүчөлөрү машыгуудан мурда медициналык кароодон өтүшөт. Машыгуулар өтчү жайларда бардык санитардык нормалар сакталып, эпидемияга каршы иш-чаралар маал-маалы менен өткөрүлүп турмакчы. Спортчулардын дене табы текшерилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок өлкө ичиндеги мелдештер боюнча азырынча так маалымат айтыла элек.

Эске салсак, Токио шаарындагы Олимпиада 2021-жылы өтмөкчү. Ал пандемиядан улам ары жылдырылган.

0
Белгилер:
карантин, машыгуу, спорт, Кыргызстан
Тема боюнча
"Спартак" стадионунда машыгууга уруксат берилип, бирок бир шарт коюлду