Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов. Архив

Токтомаметов: ата-эне менен мугалимдин тыгыз иштеше турган учуру келди

380
(жаңыланган 16:36 18.04.2020)
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов дистанттык окутуу менен мугалимдер үчүн коллективдик аракеттерден алыстап, жеке мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү мезгили келгендигин айтты.
Токтомаметов: ата-эне менен мугалимдин тыгыз иштеше турган учуру келди

Дистанттык окутуу боюнча чечимдер абалга жараша шашылыш учурда кабыл алынып калды. Бирок бул өз учурунда ата-эне менен педагогдордун тыгыз иштешүүсүнө шарт түздү. Мындай пикирин Алмазбек Токтомаметов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, азыр мугалимдердин жеке аракеттерин тикелей көрүп баалаганга ыңгайлуу болуп турат жана педагогдор мындан пайдалынышы керек.

"Республика боюнча дистанттык окутуу менен кыйынчылыктар жаралбай койгон жок. Ошол эле IT тармагы боюнча айрым ата-энелерде да, педагогдордо да көйгөйлөр бар. Ошону менен катар эле бул багытты мыкты өздөштүргөн, керек болсо ушул тармактын адиси болгон ата-энелер бар. Биз алардын мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланышыбыз керек. Азыркы абал ата-эне менен мугалимди балага билим берүүдө чогуу иштөөгө түртүүдө. Ал эми педагогдорго болсо мурда тигил же бул себептер менен көмүскөдө калып келген аракет, шыгы менен өзүн мыкты мугалим катары көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Андыктан жалпы эле коом үчүн дистанттык окутуунун жакшы жактарын кабыл алып, аны өркүндөтүп андан ары карай алып кетүүгө ыңгайлуу болуп турат", — деди Токтомаметов.

Ал мугалимдерди дүрбөлөңгө түшпөй, IT багытында баарын бир үйрөнүп алам дегенден алыс болуп, баскыч-баскычы менен өздөштүрүүгө чакырды.

380
Белгилер:
ата-эне, мугалим, Алмазбек Токтомаметов
Тема боюнча
Токтомаметов: теледеги сабактарды мугалим багыт катары гана алышы керек
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы Фатима Садамкулова

Садамкулова: тигүү өнөр жайынын өндүрүмү 20,5%га төмөндөдү

5
(жаңыланган 11:53 30.10.2020)
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы Фатима Садамкулова тогуз айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция алты пайызга азайып кеткенин айтты.
Садамкулова: тигүү өнөр жайынын өндүрүмү 20,5%га төмөндөдү

Жеңил өнөр жайы азыркы учурда приоритеттүү тармак болуп саналат. Анткени ал социалдык маселени чечет, массалык түрдө жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылат. Бирок пандемия бул тармакка бир топ зыянын тийгизди. Бул тууралуу Фатима Садамкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жапаров: Кыргызстанда бир гана тармак жабыркаган жок

Анын айтымында, жумуш токтоп турган маалда 20га жакын тигүү ишканасы бет кап, коргонуучу костюмдарды тигип, өлкө боюнча дефицитти жапканга көмөктөшкөн.

"2020-жылга чейин жеңил өнөр жайы жакшы эле өнүктү. Ал эми ушул жылдын жыйынтыгын алып карасак, биринчи чейректе жеңил өнөр жай тармагы 21 пайызга өскөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу март айынын аягында бул жааттагы ишканалардын бардыгы ишин токтотуп турушту. Дегеле жалпы өнөр жайдын ишмердүүлүгү үзгүлтүккө учурап, экономикалык кыйынчылыктар башталды. Тогуз айдын жыйынтыгын алып карасак, ИДП - 6, өнөр жайдагы өсүш 1,9 пайызга төмөндөдү. Жеңил өнөр жай тармагында бул жылы 4,6 миллиард сомдук продукция өндүрүлүп, темпи былтыркыга салыштырмалуу 22 пайызга түштү. Анын ичинде тигүү өнөр жайынын өндүрүмү 3,8 миллиард сомду түзүп, продукция дээрлик 20,5 пайызга азайган. Бул учурда өкмөт тарабынан COVID-19 илдетинен жабыркаган ишкерлерге каржылык колдоо болду. Алсак, Финансы министрлиги тарабынан жалпы эле ишкерлерге 3,5 миллиард сом бөлүп, 13 банк аркылуу алты пайыздык ченде жеңилдетилген насыялар берилди. Аны менен катар салыктан бошотулуп, сырттан келген сырьелорго кошумча нарк салыгы алып салынды", — деди Садамкулова.

Ал былтырга жылга салыштырмалуу тигүү өнөр жайынын продукцияларын эскпорттоо 37 пайызга төмөндөгөнүн кошумчалады.

5
Белгилер:
тигүүчү, өндүрүш, Жеңил өнөр жайы
Тема боюнча
Өкмөт бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда. Шарты
NABU-Кыргызстан уюмунун жетекчиси Толкунбек Асыкулов. Архивдик сүрөт

Асыкулов: чет элдиктер илбирсти көрүү үчүн эбегейсиз акча төлөмөк

10
NABU-Кыргызстан уюмунун жетекчиси Толкунбек Асыкулов аңчылык кылууга убактылуу мораторий киргизүү боюнча мыйзамдын өтпөй калганы өкүндүрүп жатканын айтты.
Асыкулов: чет элдиктер илбирсти көрүү үчүн эбегейсиз акча төлөмөк

Чет элдиктер илбирсти көрүү үчүн эле эбегейсиз акча төлөйт. Бул тууралуу Толкунбек Асыкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, антропогендик таасирден улам жаныбарлар байырлаган аймактар барган сайын азайып бара жатат.

Асыкулов: илбирстер картайып же жарадар болсо гана ылдый түшөт

"Айыл чарба, жайыт жерлердин аймагы кеңейип, кен көбөйгөн сайын жаныбарлар жашаган аймактар азаюуда. Натыйжада жапайы жандыктар да азайып, айрымдары жоголуп кетүү коркунучунда турат. Анысы аз келгенсип, аңчылык, браконьерлик дагы бул процессти ылдамдатууда. Ошондуктан жаныбарларды көбөйтүп алуу максатында убактылуу аңчылыкка тыюу салып туруш керек. Ал эми туризмди жаныбарларды атпай деле өнүктүрсө болот. Мисалы, фототуризм деген багыт бар. Жаныбарлар менен сүрөткө түшүүнү каалагандар аңчылык кылуудан да көп кездешет. Мындан бир канча жыл мурда чет элдиктер илбирсти көрүп алсак эле болду деп келишкен. Мына ушул сыяктуу туристтер мергенчилердей эле акча төлөйт", — деди Асыкулов.

Ошондой эле ал аңчылыктан пайда табууну көздөгөндөр үчүн анын баасын кымбат кылуу керектигин кошумчалады.

10
Белгилер:
аңчылык, туризм, илбирс
Тема боюнча
Чет элдик саякатчы Кыргызстандын тоолорунан эки ак илбирсти тартып алды
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйында

Токтогазиев: текшерип жатабыз, эптеп эле иштеп жүргөндөр кызматтан алынат

0
(жаңыланган 13:17 30.10.2020)
Айыл чарба министрлигинде ушуга чейин элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлерин текшерип жатабыз, натыйжасы жок иштеп жүргөндөр аныкталса жумуштан алынат. Бул туурасында министр Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушуга чейин министрликте элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес. Азыркы тапта санариптештирүү жана экспортко чыга турган товарлардын документтерин тез арада бүтүрүү боюнча аракеттер башталды.

"Бизде өз ишин мыкты билген адистер жетиштүү, ошол эле учурда эптеп эле иштеп жүргөндөр да бар. Андыктан учурда аудит жүргүзүп ким эмне менен алектенип жүргөнүн аныктап жатабыз. Жыйынтыгына жараша кадрдык чечимдер кабыл алынат. Жөн гана иштен кетирип салуу болбойт, эгер өз ишинин адиси болсо аны менен иштешүүнү улантабыз. Мисалы райондук агрардык башкармалыктар ишкерлер менен фермердин ортосуна көпүрө болуп, айыл чарба азыктарын сатууга шарт түзгөн менеджер болушу керек. Учурда алардын активдүүлүгү жетишпей жатат", — деди Токтогазиев.

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

Мындан сырткары, министр бир жарым жыл мурда министрликтин штаты 5000ден ашуун болгонун, бирок мурдагы жетекчилик позициясын коргой албай ал эки-үч бөлүккө бөлүнүп кеткенин белгиледи. Мындан улам 4000ден ашуун кызматкер Суу чарба агенттигине кеткен, Фитосанитардык, ветеринардык инспекциялар, алкоголдук продукцияларды көзөмөлдөө Айыл чарба министрлигине карабай калган.

Бүгүнкү күндө министрлик көбүнчө айыл чарба тармагын өнүктүрүү саясатын аныктап калганын айтат. Жалпы штаты 888 кызматкерден турса, анын 97си борбордук аппаратта иштейт.

0
Белгилер:
текшерүү, кызматкер, Тилек Токтогазиев, айыл чарба
Тема боюнча
БУУнун Азык-түлүк уюму Айыл чарба министрлигиндеги өзгөрүүлөрдү колдоого даяр
Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты