Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ойтемиров: жеке секторду маянаны толук төлөөгө милдеттендире албайбыз

© Sputnik / Эркин СадыковЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров Эмгек
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров Эмгек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров Эмгек кодексинин 4-бөлүмүнүн 13-главасынын 172-беренесине ылайык, жеке сектор ээлери кызматкерлерине айлыгынын үчтөн эки бөлүгүн төлөп берүүсү шарт экендигин айтты.
Ойтемиров: жеке секторду маянаны толук төлөөгө милдеттендире албайбыз

Өлкөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы толук төлөнүп берилет, ал эми жеке секторлорду биз милдеттендире албайбыз. Бул тууралуу Махмуд Ойтемиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул багытта ири ишкана ээлери, бизнес ассоциациялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Эмгек кодексинин 4-бөлүмүнүн 3-главасынын 172-беренесинде кызматкер менен иш берүүчүнүн маяна боюнча алакасы үч багытта каралган. Ал жерде иш берүүчүнүн күнөөсү менен жумушчунун иши токтоп калган учурда, ал кызматкерлерине орточо айлык акынын 3/2 бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилет деп жазылган. Иш берүүчүдөн да, кызматкерден да көз карандысыз себептер менен жумуш токтосо, мында дагы ошол жумушчунун алган айлык акысынын 3/2 бөлүгү төлөнүшү керек. Үчүнчү багыты боюнча кызматкердин күнөөсү менен иш токтоп калса, маяна берилбейт. Жеке сектор ээлери азыркы учурда мына ушул берененин негизинде кызматкерлеринин маянасын төлөп бериши керек. Бирок биздин министрлик аларды муну аткарууга милдеттендире албайт", — деди Ойтемиров.

Ал бул боюнча бизнес-ассоциациялары да өз пикирлерин билдирип, маал-маалы менен жыйындар болуп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0