Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаев: антителадан плазма жасоого COVID-19дан сакайгандар көп болушу керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваРеспубликалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев
Республикалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев коронавирусту дарылоо үчүн аталган оорудан айыгып чыккандардын плазмасын колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берди.
Карабаев: антителадан плазма жасоого COVID-19дан сакайгандар көп болушу керек

COVİD-19дан айыгып чыккандардын каны менен бул ооруну дарылоо үчүн сакайгандар көп болушу керек. Бул тууралуу Бакыт Карабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Республикалык кан борбору карантин учурунда эс алуусуз иштеп, донорлорду блок-посттордон өткөрүп, аларды кайра үйлөрүнө жеткиришүүдө.

"Коронавируска чалдыккандар сакайгандан кийин плазмасында антителалар (иммундук системанын вируска каршы бөлүп чыгарган бөлүкчөлөрү — ред.) пайда болот. Аны колдонуу менен аталган ооруну сакайтса боло турганы айтылып, бул ыкманын Кытайда, АКШда жана Россияда колдонулганы тууралуу маалыматтар бар. Бирок ал клиникалык изилдөөлөрдөн өткөн эмес. Ошондой эле бул методиканы колдонууга айыккандардын саны көп болуусу зарыл. Анткени плазма куюш үчүн кандын тобу, резус фактору, негизи эле бардык жагынан төп келиши керек. Бизде, белгилүү болгондой, коронавирус менен ооругандар 500дөн ашса, 200дөн ашуун адам сакайды. Бул антитела даярдоого абдан аз көлөм болуп эсептелет. Ошондой эле плазма алыш үчүн бир катар шарттарын аткаруу зарыл. Тилекке каршы, азыр биз мындай кадамга бара албайбыз. Себеби тийиштүү техникалык камсыздообуз жок", — деди Карабаев.

Ошондой эле ал карантинге байланыштуу донорлордун саны кескин түрдө азайганын белгилеп, бирок өлкөнүн бардык борборлорунда кан жетиштүү экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0