Бир чыгарманын эки же андан көп чектеш автору болушу ыктымал. Аларга сый акы пропорционалдуу бөлүнүп төлөнөт. Бул тууралуу Гүлбара Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылы авторлордун сый акысы үчүн 12 миллион 400 миң сом чогултулган.
"Автордук укук жөнүндө бир канча түшүнүктөр бар. Алсак, чектеш укуктарда бир чыгармага бир канча адам автор боло алат. Мисалы, акын ырын жазса, ага обончу музыка чыгарып, ырчы аткарып чыгат. Мунун баарын бир эле адам жасаган учур чанда кездешет. Булардын баарына сый акы төлөнөт. Ал үчүн автор чыгармасын бизге каттатат. Ал телевидение, радиодон жүгүртүлгөн болсо, алар ошого жараша тийиштүү сумманы бизге которот. Ал каражаттын 30 пайызы аткаруучуга, ал эми калган 70 пайызы 35 пайыздан композитор менен акынга тең бөлүнөт. Белгилей кетүүчү жагдай, мисалы, 2019-жылы 12 миллион 400 миң сом чогултулган болсо, анын баары авторлорго толугу менен которулат", — деди Кудайбердиева.
Ошондой эле ал чыгарманын автору белгисиз болуп калса, ага чегерилген каражат үч жыл сакталып турарын, ал убакытта белгилүү болбосо, каттоодон өткөн авторлорго тең бөлүнөрүн кошумчалады.
Агрессиянын ар кандай түрлөрү бар. Алар: коргонуу үчүн, ачуубуз келгенде, бирөөнүн жүрүм-турумуна таасир тийгизүү максатында көрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Нуриза Батырбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, биологиялык жактан алып караганда, агрессия организм стресс абалга кептелгенде пайда болот.
"Адамдарда агрессия көп учурда өзүн коргоо үчүн жаралат. Бул биздин генибизге сиңип калган, адам жаралгандан бери келе жаткан нерсе. Психологияда агрессиядан коргонуу үчүн "токто, качып кет, кол сал" деген түшүнүк бар. Адамдар негизинен агрессияга ушундай мамиле кылышат. Ал эми азыр акыл-эстүү коомдо жашап жаткандыктан көпчүлүк адамдар өзүн-өзү көзөмөлдөп калууга аракеттенишет. Агрессия пайда болгон учурда аны басып коюу социалдык жактан жакшы болгону менен адамдын эмоционалдык саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Андыктан аны чыгарып туруу зарыл. Бул үчүн спорт жакшы көмөкчү болуп берет. Адам кара күч жумшап көнүгүүлөрдү аткарганда же бир жумуш жасаганда маанайы көтөрүлүп, агрессивдүү абалдан чыгып кетет", — деди Батырбекова.
Психолог өжөрлүк да агрессияга кирерин айтып, бул анын жакшы жагы экенин кошумчалады.
Баткен деген жер атынын маанисин түшүнүү үчүн анын аягына уланган "кен" мүчөсүнө көңүл бурушубуз керек. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "кент" деген сөз байыркы түрк тилдеринде шаар, калктуу пункт дегенди түшүндүргөн.
"Кент термини азыркы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кавказ өлкөлөрүндөгү жер аталыштарында көп кездешет. Бул "шаар", "эл жашаган жер" дегенди түшүндүргөн байыркы түрк тилиндеги сөз. Кийинчерээк фарси тилине сиңип кеткен. Мисалы, Ташкент, Самарканд, Газалкент, Паркент, Пишкент деген жер аталыштары бар. Мунун баары тарыхта мурда шаар аталган жерлер болгонун билдирет. Ал эми Баткенди ала турган болсок, тажикче шамалды "бот, вот" деп аташат. Ага "кент" мүчөсү тилге ылайыкташып "кен" болуп уланып, Баткен деген жер аты келип чыгууда. Демек, бул "шамалдуу шаар", "калк жашаган шамалдуу аймак" дегенди түшүндүрөт", — деди Эшенгулов.
Топонимист Баткен облусунда шамал башка аймактарга караганда катуу согору илимде да аныкталгандыгын кошумчалады.
Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.
Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.