Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кудайбердиева: сый акы чыгарманын авторлоруна бөлүштүрүлөт

© Sputnik / Асель АкматалиеваПресс-секретарь Кыргызпатента Гульбара Кудайбердиева
Пресс-секретарь Кыргызпатента Гульбара Кудайбердиева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева автордук укукка ээ адамдарга сый акы кандай төлөнө турганын айтты.
Кудайбердиева: чыгарманын эки же андан көп автору болушу ыктымал

Бир чыгарманын эки же андан көп чектеш автору болушу ыктымал. Аларга сый акы пропорционалдуу бөлүнүп төлөнөт. Бул тууралуу Гүлбара Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы авторлордун сый акысы үчүн 12 миллион 400 миң сом чогултулган.

"Автордук укук жөнүндө бир канча түшүнүктөр бар. Алсак, чектеш укуктарда бир чыгармага бир канча адам автор боло алат. Мисалы, акын ырын жазса, ага обончу музыка чыгарып, ырчы аткарып чыгат. Мунун баарын бир эле адам жасаган учур чанда кездешет. Булардын баарына сый акы төлөнөт. Ал үчүн автор чыгармасын бизге каттатат. Ал телевидение, радиодон жүгүртүлгөн болсо, алар ошого жараша тийиштүү сумманы бизге которот. Ал каражаттын 30 пайызы аткаруучуга, ал эми калган 70 пайызы 35 пайыздан композитор менен акынга тең бөлүнөт. Белгилей кетүүчү жагдай, мисалы, 2019-жылы 12 миллион 400 миң сом чогултулган болсо, анын баары авторлорго толугу менен которулат", — деди Кудайбердиева.

Ошондой эле ал чыгарманын автору белгисиз болуп калса, ага чегерилген каражат үч жыл сакталып турарын, ал убакытта белгилүү болбосо, каттоодон өткөн авторлорго тең бөлүнөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0