Борбор Азия регионалдык институтунун төрагасы, тарых илимдеринин доктору Алмазбек Бейшеналиев. Архив

Бейшеналиев: дистанттык окуу пандемияда гана эмес, жай турмушта да керек

(жаңыланган 14:57 26.04.2020)
Борбор Азия регионалдык институтунун төрагасы, тарых илимдеринин доктору Алмазбек Бейшеналиев аралыктан билим берүү пандемия бүткөн учурда да керектелерин айтты.
Бейшеналиев: дистанттык окуу пандемияда гана эмес, жай турмушта да керек

Дистанттык окутуу арга жоктон, чукул учурда кирип калды. Ошентсе да биз бул ыкмага мурдатан даярданышыбыз керек эле. Мындай пикирин Алмазбек Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда мектеп окуучулары, студенттер билим алып жаткан тиркеме, порталдар сапаттуу окутууну толук кандуу камтый албайт.

"Пандемияга байланыштуу дистанттык окутууга өтүүгө мажбур болдук. Чын-чынына келгенде, биз бул дүйнөлүк ыкмага күн мурунтан даяр болушубуз керек эле. Жада калса коңшуларыбыз Өзбекстан, Казакстан да билим берүү тармагында бизден алдыга кетти. 30 жыл мурда деңгээлибиз бирдей эсептелген Эстонияны алып көрөлүчү, билим берүү системасы эң мыкты мамлекет катары биринчиликке чыкты. Биз мына ушундай ийгиликтерге жетишкен өлкөлөрдүн тажрыйбасын чогултуп, улуттук өзгөчөлүктөргө ылайыкташтырып иштеп чыгышыбыз керек. Дистанттык окутуу бир эле коронавирус жайылган кезде эмес, жай турмушта да керектелет. Бала ар кандай себептер менен мектепке келе албай калса же башка учурларда аралыктан окутууда сапаттуу механизмдер болушу шарт", — деди Бейшеналиев.

Профессор кыргыз билим берүү системасында алдыга прогноз жасап, программа түзө турган илимпоздордун тобу жок болуп жаткандыгын кошумчалады.

Белгилер:
көйгөй, система, окутуу, Алмазбек Бейшеналиев
Тема боюнча
Билим берүүнүн алдыдагы 10 жылга белгиленген концепциясы талкууланды
Данакер үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова. Архив

Батырбекова: агрессия организм стресс алганда пайда болот

(жаңыланган 13:15 18.04.2021)
Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова агрессиянын келип чыгуу себебин жана ден соолукка тийгизген таасири тууралуу айтты.

Агрессиянын ар кандай түрлөрү бар. Алар: коргонуу үчүн, ачуубуз келгенде, бирөөнүн жүрүм-турумуна таасир тийгизүү максатында көрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Нуриза Батырбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Батырбекова: агрессия организм стресс алганда пайда болот

Анын айтымында, биологиялык жактан алып караганда, агрессия организм стресс абалга кептелгенде пайда болот.

"Адамдарда агрессия көп учурда өзүн коргоо үчүн жаралат. Бул биздин генибизге сиңип калган, адам жаралгандан бери келе жаткан нерсе. Психологияда агрессиядан коргонуу үчүн "токто, качып кет, кол сал" деген түшүнүк бар. Адамдар негизинен агрессияга ушундай мамиле кылышат. Ал эми азыр акыл-эстүү коомдо жашап жаткандыктан көпчүлүк адамдар өзүн-өзү көзөмөлдөп калууга аракеттенишет. Агрессия пайда болгон учурда аны басып коюу социалдык жактан жакшы болгону менен адамдын эмоционалдык саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Андыктан аны чыгарып туруу зарыл. Бул үчүн спорт жакшы көмөкчү болуп берет. Адам кара күч жумшап көнүгүүлөрдү аткарганда же бир жумуш жасаганда маанайы көтөрүлүп, агрессивдүү абалдан чыгып кетет", — деди Батырбекова.

Психолог өжөрлүк да агрессияга кирерин айтып, бул анын жакшы жагы экенин кошумчалады.

Белгилер:
спорт, психология, адам, агрессия, Нуриза Батырбекова
Тема боюнча
Психолог: балага корккон нерсесин жомок аркылуу жеткирсе болот
Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив

Эшенгулов: Баткен шамалдуу жер, шаар дегенди түшүндүрөт

(жаңыланган 13:13 18.04.2021)
Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Баткен аталышынын келип чыккан тарыхын чечмеледи.

Баткен деген жер атынын маанисин түшүнүү үчүн анын аягына уланган "кен" мүчөсүнө көңүл бурушубуз керек. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эшенгулов: Баткен — шамалдуу жер, шаар дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, "кент" деген сөз байыркы түрк тилдеринде шаар, калктуу пункт дегенди түшүндүргөн.

"Кент термини азыркы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кавказ өлкөлөрүндөгү жер аталыштарында көп кездешет. Бул "шаар", "эл жашаган жер" дегенди түшүндүргөн байыркы түрк тилиндеги сөз. Кийинчерээк фарси тилине сиңип кеткен. Мисалы, Ташкент, Самарканд, Газалкент, Паркент, Пишкент деген жер аталыштары бар. Мунун баары тарыхта мурда шаар аталган жерлер болгонун билдирет. Ал эми Баткенди ала турган болсок, тажикче шамалды "бот, вот" деп аташат. Ага "кент" мүчөсү тилге ылайыкташып "кен" болуп уланып, Баткен деген жер аты келип чыгууда. Демек, бул "шамалдуу шаар", "калк жашаган шамалдуу аймак" дегенди түшүндүрөт", — деди Эшенгулов.

Топонимист Баткен облусунда шамал башка аймактарга караганда катуу согору илимде да аныкталгандыгын кошумчалады.

Белгилер:
илим, аталыш, Баткен, Темиркул Эшенгулов
Тема боюнча
Топонимист: Кулун көлү өлкөдөгү тоодо жайгашкан көлдөрдүн эң чоңу
Афганистандагы АКШ аскерлери. Архив

Афганистандан америкалык аскерлердин чыгарылышын талибдер тескөөдө

(жаңыланган 23:11 18.04.2021)
“Талибан”* террордук уюму Кошмо Штаттарга Афганистандан аскердик күчтөрдү чыгарып кетүүгө катуу талап коюп, Вашингтонду көп полярдуу дүйнөнүн реалдуулугуна кайтарууда.

АКШ Ак үйү узаган аптада Афганистандан америкалык аскерлердин 11-сентябрда чыгарыларын маалымдаган эле. Бирок талибдер АКШнын аскердик күчтөрүн 1-майга чейин чыгарып кетүүнү (2020-жылдын 29-февралындагы Дохада кол коюлган макулдашуунун шарттарына ылайык) кескин талап кылды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул жагдай туурасында ой калчаган.

АКШ администрациясы дароо жооп кайтарып, аскерлер Афганистандан 1-майдан тарта чыгарыларын жар салды. Ага удаа эле НАТОдогу союздаштары ошол күнү “Чечкиндүү колдоо” миссиясынын күчтөрүн да чыгарып кетүү жөнүндө чечим кабыл алышты.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден аталган республикада америкалык аскерлердин болушу туруктуу өкмөт түзүүгө көмөк болбойт десе, АКШнын коргоо министри Ллойд Остин аскердик күчтөр Афганистандагы вазийпасын аткарып, ошондой эле “экономика, жарандык коомчулук жана саясат жаатындагы өсүшкө өбөлгө болгудай” иш алпарды.

Пентагон жана анын союздаштары Ислам республикасында жүз миллиарддаган долларды сарптап, миңдеген жоокеринен айрылып, кадыры кетип акыры байкуш мамлекетти кечээги эле касташкан тарапка – талибдерге калтыруунун эмне зарылдыгы бар эле? Тилекке каршы, жоопсуз собол.

Аткарылышы кыйын

Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Уильям Бернс 14-апрелде күчтөрдүн чыгарылышы олуттуу тобокелчилик экенин, америкалык аскердик күчтөрдүн катышуусу жыйыштырылса бир топ өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" түзүмдөрүнүн таасири Афганистанда калыптанышы ыктымал деп божомолдоду.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон ушул тапта күчтөрдү чыгарып кетүү өлкөдөгү бийликти "Талибанга" карматуу менен барабар экенин белгиледи. Ал ортодо талибдер согуштук аракеттерди кайра тутантуу, башкача айтканда, эгер АКШ жана НАТО макулдашылган мөөнөткө, тагыраак, 1-майга дейре күчтөрүн чыгарып кетпесе чет элдик аскерлерге "жихад" уюштуруу ниетинде. "Талибандын"* позициясын Забиулла Моджахед да мурдараак мындай тейде аларга жеткирген: "Байден майга чейин аскерлерди алып кетүү татаал экенин айтты, анткен менен биз Дохадагы келишим аткарылышы кажет деп эсептейбиз. Себеби аны жүзөгө ашыруу – Афганистан менен Кошмо Штаттардын ортосундагы учурдагы көйгөйдү чечүүнүн жападан жалгыз ыкмасы".

Логистика жагынан 3-5 миң аскерди транспорттук учактар менен ташууга он төрт күн толук жетишерлик. Афганистан Ислам Республикасынын улуттук жарашуу боюнча Жогорку кеңеши жыйырмадан ашуун сунушту, анын ичинде президент Ашраф Ганинин тынчтык планын да бирдиктүү программага бириктире алды. Ошентсе да "Талибан"* 14-апрелде Афганистандын келечеги тууралуу сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартты (анын кезектеги баскычы Түркиянын аймагына белгиленген). Талибдердин куралдуу түзүмдөрү өкмөттүк күчтөрдү жеңүү үчүн АКШнын аскерлери жана аскердик техникасынын толук чыгарылышын күтүүдө. Кабул көбүнесе америкалык аскердик-аба күчтөрүнүн террорчуларга сокку урушу менен гана кармалып турат. Афганистан жакынкы келечекте "Ислам эмирлигине" айланып калышы ыктымал.

Америкалык чалгындоочу коомчулук “төмөн же орто деңгээлдеги ишеним менен” россиялык кесиптештери 2019-жылы жана андан мурун да АКШ жана Афганистандагы коалициянын аскерлерине каршы "Талибандын"* чабуулдарын каржы менен дем беришкенин боолголойт. Мындай маалымат булактары сынга да туруштук бере албайт, аларды текшерүүгө да мүмкүн эмес. РФ андай айыптоолорду четке кагат.

Макулдашуу тынчтыкты камсыздай албады

Пентагондун жетекчиси Ллойд Остиндин пикиринде, Афганистандан бир нече миң америкалык жоокердин чыгарылышы аракеттерди башка жакка жумшап, “болочок душмандарды” (“дүйнөлүк тартипти өзгөртүүгө” умтулган Кытай жана Россияны) ооздуктоого же жеңүүгө мүмкүндүк берет. Апийим талааларынын негизиндеги салыштырмалуу аз сандагы террордук топторду жөнгө сала албаган Пентагон кастарын өзөктүк державалардын арасынан издөөдө. Анан калса мындай күмөнсүнүүгө алардын кай бир аракеттери “АКШнын улуттук кызыкчылыктарына каршы келгендиги” гана себеп имиш.

Күчтөр чыгарылып кеткен соң Афганистан жана ага чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү ашынган аскердик-диний кыймыл жараткан көйгөйлөрдү таптакыр өз алдынча чечүүгө мажбур болот.

Өлкөдө талибдердин бийлигинин тушунда (2001-жылга дейре) аялдар билим ала алышкан эмес, үй-бүлөдө ала жипти аттагандар калаанын аянттарында дарга асылган, уурулардын колдору кесилип, ал эми телевидениеге театр жана музыка менен катар тыюу салынган.

Фактыны жашырып кое албайсың. 12-апрелде Афганистандын Улуттук коопсуздук башкармалыгы Дохадагы АКШ менен "Талибандын"* макулдашуусу туруктуулукка алып келбегенин айтып чыкты. 2020-жылдын 29-февралынан тарта өлкөдө талибдердин чабуулдарынын саны 24 пайызга өскөнү кабарланды.

"Талибандын"* Катардагы кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар молдо да 12-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат МирзиёевгеАфганистанда биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Анткен менен бул “жерде” тынчтыкта кызматташууну кепилдебейт. Аскердик-диний кыймыл курамы, көз карашы жана максаттары бирдей эмес. "Талибан"* өз тактикасын өзгөртпөйт, өлкөдөгү зомбулуктун деңгээлин азайтпайт, "Аль-Каида" менен союздук же өнөктөштүк алакаларын үзбөйт.

* “Талибан” - бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм

Белгилер:
Талибан, Афганистан, АКШ
Тема боюнча
20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?
Россия АКШнын абийирин төкпөй согуштан сактап калууга даяр. Себеби