Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков

Жумабеков: COVID-19 менен күрөшүүдө Кыргызстан туура багытты тандады

179
(жаңыланган 13:39 27.04.2020)
Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков коронавирус менен күрөшүүдө элдин тартиби маанилүү экендигин айтты.
Жумабеков: COVID-19 менен күрөшүүдө Кыргызстан туура багытты тандады

COVID-19 менен күрөшүүдө өлкө туура жолду тандап алды. Жасалып жаткан кадамдар Европа, Американын деңгээлине жеткирбей, ооруну жок кылууга өбөлгө түзөт. Мындай пикирин Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер эч кандай чектөө киргизбей вирусту жайына койсо, бир адам бир айдын ичинде 1000 кишиге жуктуруу коркунучу бар.

"Коронавирус менен Кыргызстан туура ыкмада күрөшүп жатат десек болот. Учурдагы чектөөлөр элдин ден соолугу үчүн киргизилүүдө. Андыктан нааразычылыктарды токтотуп, өкмөткө жардам берип, тартипти сакташыбыз керек. Үйдөн чыкпай отургула дедиби, чыкпай туралы. Дарыгерлер коопсуздук эрежелерин тынбай түшүндүрүп жатышабы, аларды сактайлы. Ал эми медицина кызматкерлеринин өздөрүнө вирус жугуп калуу учурлары боюнча да түрдүү кептер айтылып жатат. Бул табигый, кача албай турган маселе эле. Анткени согуш талаасында мина издеген жоокерлердей эле алар да көзгө көрүнбөгөн душман менен биринчи катарда туруп күрөшүп жатышат. Башка өлкөлөрдө врачтардын жуктурган учурлары пайыздык көрсөткүчтө биздикинен да жогору. Андыктан бул ооруну жалпыбыз ынтымак менен тартипти сактап гана жеңе алабыз", — деди Жумабеков.

Ал калкты медицина кызматкерлерин колдоп, айтылган эрежелерди так аткарып жашоого чакырды.

179
Белгилер:
тартип, Кыргызстан, коронавирус, Сабырбек Жумабеков
Тема боюнча
Карабаев: антителадан плазма жасоого COVID-19дан сакайгандар көп болушу керек
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

18
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

18
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

30
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо көлөм жагынан биримдикте атаандаштык жаратуу кыйын экендигин айтты.

Казакстан, Өзбекстан, Беларусь ЕАЭБ рыногуна ири көлөмдөгү продукция чыгарат. Мындай маалыматты Искендербек Айдаралиев Спутник Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө.

"Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү менен ЕАЭБ рыногунда атаандаштык жарата албайбыз. Анткени Казакстан, Өзбекстан, Беларустун экспорту арбын. Мындан тышкары, ал өлкөлөрдө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө. Биздеги жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн бири — органикалык, экологиялык таза азык-түлүк, биз ушуну менен алдыга чыксак болот. Бул багытта маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, дыйкандарды окутууга көңүл бурушубуз керек. Чет өлкөлүк кардарлар аз көлөмдө сурабайт. Демек, таза азык-түлүктүн көлөмүнө басым жасоо зарыл. Ал үчүн бул тармактагы системаны өзгөртүү керек. Мисалы, жеке ишканаларды бириктирип, көлөмдү аныктай турган жолун караш керек. Ага байланыштуу "Органикалык аймак" деген долбоорду ишке ашырып жатабыз. Органикалык идеянын айланасында фермерлерди бириктирүүгө мүмкүн болду", — деди Айдаралиев.

Ошондой эле адис туура жер иштетүү боюнча окутууларды уюштуруп, жакшы жыйынтыкка жетсе болорун кошумчалады.

30
Белгилер:
айыл чарба продукциясы, органика
Тема боюнча
Кадыров: биогумус арыктаган жерди 10-15 жылда калыбына келтирет
Бишкек шаары. Архив

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчөт. График

0
(жаңыланган 20:01 14.06.2021)
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери электр жабдууларын оңдоп, көмөк чордондорду тейлейт. Мындан улам шаардын айрым көчөлөрүндө жана жаңы конуштарда жарык убактылуу өчүрүлөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшемби, 15-июнь күнү, Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-18:00 — Стадионный, Адыгене, Улан, Эркин-Тоо, Азия, Төрт-Көл, Жетиген көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ынтымак жана Арча-Бешик конуштарында;
  • 9:30-11:00 — Совмин дачаларында;
  • 9:30-17:00 — 10-кичи райондогу №10 үйдө, 11-кичи районунда (№ 1-5, № 63 мектеп);
  • 9:40-16:00 — Учкун (Үч-Тулга, Ауэзов, Казан-Булак жана Учкун көчөлөрү) жаңы конушунда;
  • 9:40-18:30 — Хмельницкий, Хвойный, Тульский, Широкий, Андижан, Наманган, Адыр көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Коллекторный, Адыр, Цветочный, Чирчикский туюк көчөлөрү;
  • 10:00-17:00 — Көк-Жар (Босого, Арстанбап, Сайма-Таш, Көк-Жар, Тон, Ой-Терскен, Жеңижок, Шабдан баатыр, Конорчок, Куйручук көчөлөрү) жана Кара-Жыгач конуштарында;
  • 10:30-17:00 — № 1 мамлекеттик резиденцияда.
0
Белгилер:
Бишкек, жарык берүү, "Түндүк Электр" ишканасы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы