Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Элмира Шерипова

Шерипова: кырсыктарды алдын алуу үчүн 44 миңге чукул көчөт отургузулду

111
(жаңыланган 13:41 28.04.2020)
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Элмира Шерипова табигый кырсыктардын алдын алууга багытталган иштер тууралуу айтып берди.
Шерипова: кырсыктарды алдын алуу үчүн 44 миңге чукул көчөт отургузулду

Табигый кырсыктардын алдын алууга багытталган "Жашыл долбоор" ишке ашырылууда. Анын алкагында 55 гектар аянтка 43 миң 875 даана көчөт отургузулду. Бул тууралуу Элмира Шерипова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, карантинге карабастан табигый кырсыктардын алдын алууга багытталган иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө.

"Табигый кырсыктарды, өрттү жана сууга чөгүп кетүүнү алдын алууга багытталган иш-аракеттер жасалууда. Бул боюнча министрликтин башкы башкармалыгынан аймактарга тапшырмалар дагы берилүүдө. Ушул жылдын үч айында катталган өрт кырсыктары өткөн жылга салыштырмалуу 22,4 пайызга азайган. Тилсиз жоо менен алпурушууда 17 адамдын өмүрү сакталып калган. Мындан тышкары, кечиктирилгис иш жүргүзүлүшү керек болгон 70 объектиде кырсыкты алдын алуу багытында иш алып барылууда. Мунун ичинен 50 объектиде жумуш аяктап, 14үндө иштер жүрүп жатат. Натыйжада 3 миңге чукул кожолуктун жана 722 гектар чарба ишине жер берилип, мектеп, көпүрө, дамбалар корголгон. Ошондой эле 215 метр канал курулган. Мындан тышкары, "Жашыл долбоорду" ишке ашыруу уланууда. Ага ылайык, сел, жер титирөө сыяктуу тилсиз жоонун калкка тийгизе турган залалын азайтуу максатында бак-дарак, көчөттөр отургузулат. Алсак, учурда 55 гектар аянт жерге 43 миң 875 даана көчөт отургузулду. Бул узак мөөнөттүү долбоорлордун бири", — деди Шерипова.

Ошондой эле ал мурдатан мерчемделген иштер быйыл карантинге байланыштуу кыскара турганын кошумчалады.

111
Белгилер:
долбоорлор, кырсык, өзгөчө кырдаал, Элмира Шерипова
Тема боюнча
Бишкекте өзгөчө абалга карабай парктар курулууда. Асмандан тартылган видео
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова

Естебесова: дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч алат

13
(жаңыланган 11:38 02.12.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова дем алуу органдарынын өнөкөт жана курч оорулары эмнеси менен айырмалана турганын жана сууктун түшүшү аларга кандай таасир этерин айтып берди.
Естебесова: дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч алат

Дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч алат. Андан көбүнчө чылым чекендер, дайыма очок жагып же түтүн менен дем алгандар жабыр тартат. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, автоунаалардын түтүнүнөн чыккан зыяндуу заттар дагы адамдын организмине терс таасирин тийгизет.

"Өнөкөт жана курч оорулардын айырмачылыгы — анын улам кайталанып турушунда. Маселен, курч оорулар өзү айтып тургандай эле сасык тумоо же башка дарттар сыяктуу пайда болуп анан жок болуп кетет. Ал эми өнөкөт оорулар бир нече жыл катары менен суук түшкөн же ага кабылган учурда күчөйт. Дем алуу органдарынын оорулары кеч күз менен жазда аба алмашып, ошол эле учурда суук болуп турган учурда күч алат. Себеби организм абанын алмашуусуна ыңгайлаша баштайт. Ал эми дем алуу органдары бүткүл организмдин "дарбазасы" болуп саналат. Бизде кескин-континенттик климат болгондуктан аба ырайы тез жылып кайра суук түшө берет. Мындай учурда айрым адамдардын дем алуу органдары сезгенип калышы толук ыктымал. Өзгөчө, өнөкөт аллергиясы барлар, чылым чеккендер, очокко от жаккандан жана түтүн менен дем алгандар көбүрөөк жабыр тартышат", — деди Естебесова.

Өпкө дарыгери күндүн табы нөлдөн төмөн болгон учурда респиратордук вирустар абада каалгыбай, адамга тийгизген таасири басаңдап каларын кошумчалады.

13
Белгилер:
оору, түтүн, адам органдары, Бермет Естебесова
Тема боюнча
Естебесова: тамеки чеккендер COVID-19ду жеңил көтөрөт деген жаңылыштык
Бишкек шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун директору Аида Карагулова. Архив

Карагулова: республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт

46
(жаңыланган 15:37 01.12.2020)
Бишкек шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун директору Аида Карагулова соңку учурларда ВИЧ/СПИДди аныктоо иштери жакшы натыйжа берип жатканын белгиледи.
Карагулова: республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт

Республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт. Анын ичинен 2 072си Бишкек шаарында. Бул тууралуу Аида Карагулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып маалымдады.

Анын айтымында, аталган илдетти жуктуруп алгандар эң көп катталган аймак — Чүй облусу.

"Соңку учурларда ВИЧ/СПИДди аныктоо боюнча иш-аракеттер жакшы болуп жатат. Акысыз тестирлөө боюнча ар кандай акциялар жүргүзүлүүдө. Статистикага токтоло турган болсок, жалпысынан алганда республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт. Анын ичинен 2072 киши Бишкек шаарында катталган. Алдыңкы орунда Чүй облусу, бардык катталгандардын 21 пайызы Бишкек шаарында, 16 пайызы Ош облусунда жана 11 пайызы Жалал-Абадда жашайт. Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп катталып жатышына ички жана тышкы миграция себеп болуусу ыктымал", — деди Карагулова.

Ал ошондой эле ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдарга коронавирус кандай таасир эте турганы изилдене электигин кошумчалады.

46
Белгилер:
миграция, коронавирус, СПИД
Тема боюнча
Дүйнөдө биринчи болуп ВИЧти жеңген адам рактан каза тапты
Депутаты и чиновники на заседании Жогорку Кенеша

ЖК өкүлү: референдум өтпөсө депутаттар мөөнөтүн дагы 6 айга узарта алат

0
Учурда Жогорку соттун Конституциялык палатасы парламенттин мөөнөтүнүн узартылышынын мыйзамдуулугу боюнча кайрылууну карап жатат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Эгер Конституциялык реформа кийинки жылдын июнь айына чейин бүтпөсө, Жогорку Кеңештин депутаттары мөөнөтүн дагы алты айга узарта алат. Бул туурасында Конституциялык палатанын отурумунда ЖКнын өкүлү Камила Бейшенбек кызы билдирди.

Учурда Жогорку соттун Конституциялык палатасы парламенттин мөөнөтүнүн узартылышынын мыйзамдуулугу боюнча кайрылууну карап жатат.

ЖКнын өкүлү парламенттик шайлоонун мөөнөтү өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, эпидемиологиялык абалды эске алуу жана бюджеттин дефицитинен улам жылдырылганын билдирди. Ошондой эле ал Конституциялык реформа жүргүзүп анан парламенттик шайлоо өткөрүүнүн талап кылынышы себеп болгонун айтты.

Анда даттануучулардын бири Нурбек Касымбеков: "Эгер Конституциялык реформа 2021-жылдын июнь айына чейин бүтпөсө, ЖК мөөнөтүн дагы алты айга узартып алышы мүмкүнбү?" - деп сурады. Ага Бейшенбек кызы "ооба, мөөнөтүн дагы узартып алса болот" деп жооп берди.

Эске салсак, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы парламенттик шайлоо мөөнөтүн 20-декабрга дайындаган. Бирок эртеси эле Жогорку Кеңеш өзүнчө мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес мөөнөткө белгиленген. Ал мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып, утулуп калган болчу.

0
Белгилер:
өкүл, узартуу, мөөнөт, Жогорку Кеңеш