Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жекшенкулов: ЕАЭБде улуттук кызыкчылыктар маселеси көтөрүлдү

© Sputnik / Асель АкматалиеваРоссиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов
Россиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов Евразия экономикалык биримдигинин келечеги кең деген пикирин айтты.
Жекшенкулов: ЕАЭБде улуттук кызыкчылыктар маселеси көтөрүлдү

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда "Коронавирус пандемиясынын ЕАЭБ мамлекеттерине тийгизген экономикалык таасири" аталыштагы онлайн-конференция болуп өттү. Анда бир топ маселе талкууланды. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Элчинин айтымында, аталган жыйында ЕАЭБдин жалпы кызыкчылыгы менен улуттардын өз кызыкчылыктарын шайкеш келтирүү маселеси да каралган.

"ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда онлайн-конференция уюштурулду. Анда дүйнөлүк пандемиянын аталган уюмдун экономикасына тийгизген таасири жана алдыдагы иш-аракеттери талкууланды. Ошону менен катар эле уюмга мүчө мамлекеттердин ар биринин улуттук кызыкчылыктарын коргоо менен жалпы кызыкчылыктар ишке ашуусу керектиги айтылды. Бул абдан туура маселе. ЕАЭБди Евросоюз менен салыштырган айрым саясатчылар бул уюмдун келечегинен күмөн санашат. Бирок мындай пикир туура эмес. Анткени Евросоюз индивидуалдуу көз караштагы уюм болсо, ЕАЭБ коомду, жалпылыкты алдыга чыгарган биримдик. Анын келечеги кең", — деди Жекшенкулов.

Элчи ошондой эле аталган конференцияда чек ара, миграция маселеси да талкуулангандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0