Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабаева: өнөкөт оорулардын запастагы дарысы 3-6 айга жеткидей болушу керек

© Sputnik"Диабетсиз балалык" фондунун жетекчиси Нурхан Жумабаева. Архив
Диабетсиз балалык фондунун жетекчиси Нурхан Жумабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Диабетсиз балалык" фондунун жетекчиси Нурхан Жумабаева карантинден улам өнөкөт оорусу бар адамдар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтты.
Жумабаева: өнөкөт оорулардын запастагы дарысы 3-6 айга жеткидей болушу керек

Карантинден улам өнөкөт оорусу барларга оорчулук жаралды. Алсак, дары-дармек менен камсыздоо татаалдашып, медициналык кызматтарга жете албай жатышат. Ошондуктан алардын дарыларынын запасы 3-6 айга жете тургандай кампада сакталып турушу зарыл. Бул тууралуу Нурхан Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдагы маалымат боюнча, өлкөдө өнөкөт оорудан жабыркаган 30 миңге чукул бала катталган.

"Өнөкөт оорусу бар кишилер көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Дары-дармек менен камсыздоо татаалдашып, медициналык кызматтарга жете албай жүрүшөт. Карантин учурунда чек аралар жабык, почта иштебейт. Алар бир айга деген дарыларын түгөтө турган болсо эпилепсия, онкологиялык оорулар, кант диабетинен жабыркагандар үчүн кыйынчылык жаралат. Ошондуктан дары-дармектин запасы 3-6 айга жеткидей болушу керек. Кант диабети барларга бир жолу колдонуучу ийне берилет. 2019-жылы болуп өткөн тендерде сапаты начар инсулин алынып, 50дөн берилген. Мындан тышкары кампаларда эки айга жете турган инсулин калгандыгы тууралуу маалым болду. Ал эми инсулин алуу үчүн тендерлер алты айга чейин узарып кетиши ыктымал. Негизи эле биринчи типтеги кант диабети менен ооругандар ийне албай бир күн да жашай алышпайт. Мындан тышкары тамак-аш, кан басымды текшерүүчү аппараттар болуп, чыгым көп. Ошондуктан бул боюнча маселе көтөрүп, социалдык тармактар аркылуу кайрылууларды жасап жатабыз", — деди Жумабаева.

Ошондой эле ал кант диабетинен жапа чеккендер ар дайым жанына глюкометр ала жүрүшү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0