Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султанов: пандемиядан соң экономиканы эки тармак аркылуу көтөрсө болот

© Sputnik / Табылды КадырбековБывший министр финансов Марат Султанов
Бывший министр финансов Марат Султанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын мурдагы төрагасы, экс-депутат Марат Султанов коронавирус пандемиясынан соң кыска убакытта өлкө экономикасын жолго салуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин айтты.

Алтын өндүрүүгө басым жасоо жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде мунай ташып келип иштетүү менен кыска убакытта республиканын экономикасын жолго салса болот. Мындай пикирин Марат Султанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып биллдирди.

Почему карантин полезен для здоровья – новости науки

Анын айтымында, Кыргызстандын айыл чарба секторун кирешелүү тармакка айлантуу мүмкүнчүлүгү да жогору.

"Быйыл экономиканын өсүшү күтүлбөйт, тескерисинче, таңкыстыктар жаралат. Мунун кесепетинен бюджетте да 40 миллиардга жакын тартыштык пайда болот. Мигранттардын которгон акчасы 30 пайызга чейин төмөндөйт. Бул 800 миллион доллардай каражат өлкөгө кирбейт дегенди билдирет. Ошентсе да Кыргызстандын эки чоң мүмкүнчүлүгү бар. Биринчиси алтынга басым жасашыбыз керек. Азыр бир килограмм алтындын баасы 55 долларга чейин жетүүдө. Эгер биз жылына 22 тонна алтын казып алсак, болжолдуу түрдө жылына 1 миллиард 200 миллионго жакын продукция бермек. Экинчиcи — мунай иштетүү. Учурда дүйнөдө нефтинин баасы кескин төмөндөп кетти. Бирок андан чыккан продукциялардын наркы түшкөн жок. Америка бизден сырьё алып кеткиле, тескерисинче, биз төлөп берели деп жатат. Россияда да мунай чыгаруу басаңдады. Ушул багыттагы иштебей турган заводдорду колго алып, кыска убакыттын ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мунай алып келип иштетиш керек. Бул өз кезегинде күйүүчү майдын арзандашына өбөлгө болуп, экспорттун да көлөмүн өстүрөт. Мына ушул эки жол менен кыска убакытта өлкө экономикасын күчтөндүрсө болот", — деди Султанов.

Ал өз кезегинде айыл чарба тармагына колдоо чабал жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0