Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рысбаев: пайда табуу үчүн эмес, кардарларды кармап калуу үчүн иштеп жатабыз

© Sputnik / Асель СыдыковаБорбор калаадагы ресторандардын биринин башкы ашпозчусу Мырзабек Рысбаев. Архив
Борбор калаадагы ресторандардын биринин башкы ашпозчусу Мырзабек Рысбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы ресторандардын биринин башкы ашпозчусу Мырзабек Рысбаев өзгөчө абалда тамак-аш индустриясы кантип иштеп жаткандыгын айтып берди.
Рысбаев: пайда табуу үчүн эмес, кардарларды кармап калуу үчүн иштеп жатабыз

Жеткирип берүү кызматын көрсөтүү менен иштеп жатабыз. Карантин учурунда тамак-ашка буюртмалар 80 пайызга чейин кыскарды. Бул тууралуу Мырзабек Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ресторан кызматкерлеринин 20 пайызы гана жумушка чыгып, калганы үйдө отурууга аргасыз болууда.

"Пандемиядан улам кафе, ресторандардын ишинде олуттуу өзгөрүү болду. Бул тармакта азыр кимдир бирөө киреше таап жатат деп айта албайм. Анткени биздин ресторандын мисалында эле ала турган болсок, тамак-ашка болгон заказдар 80 пайызга чейин азайды. Азыр биз пайда табуу максатында эмес, кардарларды кармап калууну көздөп жатабыз. Бир мөөнөттө 15 күн, 6-7 гана кызматкер иштейбиз. Кийинки 15 күндө башкалары чыгат. Ушундай жол менен карантинди башыбыздан өткөрүп жатабыз. Пандемия аяктап, эл эркиндикке чыккандан кийин деле биздин тармакта дароо жумуш кызуу жүрүп кетет деп ойлобойм. Анткени адамдар көп чогулган жерге баргандан өздөрү эле чочулап калышат. Ошондуктан жайкы күнөстүү аянтчаларыбызды санитардык эрежелерди сактоо менен иштеткенге даярдап жатабыз", — деди Рысбаев.

Ашпозчу тамак-ашты жеткирип берүүдө убакыттан уттуруп коюу менен кыйынчылыктарга туш болуп жатышкандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0