Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: Zoom программасы аркылуу мыйзам долбоорлору иштелүүдө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев
Ата Мекен фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин депутаттары карантин учурунда мыйзам долбоорлорун онлайн иштеп чыгышканын айтты.
Иманалиев: Zoom программасы аркылуу мыйзам долбоорлору иштелүүдө

Карантин учурунда 25 депутаттан жана эксперттерден турган топтун эмгеги менен кризистен чыгуу үчүн ишкерликти колдоого алган акт кабыл алынды. Анын негизинде онго чукул мыйзам долбоору иштелип чыгып, эми сунушталат. Бул тууралуу Каныбек Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акыркы 40-50 күн Кыргызстандын экономикасы дээрлик токтоп калды.

"Ансыз деле былтыркы көрсөткүчтөр начар болчу. Өкмөт учурда реформа жасоого кудурети келбей турганын далилдеди. Ушундай учурда пандемиядан кийин кризистен кантип чыгуу керектигин аныктаган акт иштелип чыкты. Анда реформа жүргүзгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алдык. Карантин учурунда Zoom программасы аркылуу 25 депутат эксперттер менен биргеликте мыйзам долбоорлорун иштеп чыктык. Учурда төрт мыйзам долбоору ич ара талкууланууда. Мындан тышкары дагы алты мыйзам долбоору аягына чыгып калды. 14-15-майда Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлат. 29-майда парламенттик угуу болот. Биз Казакстан, Өзбекстан, Россия сыяктуу акча бере албайбыз. Ошондуктан аталган мыйзамдардын негизги максаты — ишкерликке эркиндик берүү. Ошондой эле киреше салык, кошумча нарк салыгы жана соода салыгын бириктирип, жөнөкөйлөтүлгөн салык саясатын жүргүзүү каралат. Мындан тышкары бизнеске жеңилдик берүү, лицензия берүү, текшерүүлөрдү жеңилдетүү сунушталууда", — деди Иманалиев.

Депутат жазылып жаткан мыйзам долбоорлорун ишкерлердин тобу колдоп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0