Көз карандысыз саясий серепчи Азамат Темиркулов

Темиркулов: коронавирус учурдагы жалгыз коркунуч эмес

166
(жаңыланган 15:58 06.05.2020)
Көз карандысыз саясий серепчи Азамат Темиркулов учурдагы кризиске байланыштуу өлкө кандай коркунучтарга туш болушу ыктымал экендигин божомолдоду.
Темиркулов: коронавирус учурдагы жалгыз коркунуч эмес

Коронавирус учурдагы жалгыз коркунуч эмес. Ага удаа экономикалык кризис менен климаттын өзгөрүүсү бир топ тобокелдиктерди жаратууда. Бул тууралуу Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, климаттык өзгөрүүлөрдөн улам температура жогорулап, Европа, Түндүк жана Түштүк Американын айыл чарбасына суу жетпей кыйналууда.

"Азыр пандемия менен катар экономикалык кризис жүрүп жатат. Муну экономисттер мурда эле божомолдошкон. Мунай тирешинен улам анын баасы төмөндөдү. Бул үч кризис удаа келип, дүйнөнү ушундай оор абалга кептеди. Алсак, коронавирус баарын үйүнө отургузду. Натыйжада өндүрүш, бизнес иштебей, экономика токтоп калды. Авиакаттамдар жүрбөй, туризм катуу жабыр тартууда. Демек, бул жылы туризм тармагынан эч кандай пайда таппайбыз. Карантинден кийин бүт өлкөлөрдөгү ишкерлер кредиттерин төлөш үчүн жумуш орундарын кыскартат. Натыйжада сырттагы мигранттарыбыз кайтып келүүгө мажбур болушу ыктымал.  Натыйжада өлкөдө жумушсуздук күчөйт. Ал эми климаттын өзгөрүүсүнөн улам айыл чарбасы жабыр тартып, азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисалы, Өзбекстанда 27 миллион, Казакстанда 222 миллион гектар айдоо жер бар болсо, биздики 1 миллион 200 гектар. Анын дагы 70 пайызы пестицид, химикаттарды бере берип деградация болгон. Мындан улам азык-түлүктү сырттан импорттойбуз. Эгерде кризис улана турган болсо, биз азык-түлүк ташып келип жаткан өлкөлөр өзүнүн элин камсыздоо үчүн сыртка товар чыгарууга тыюу салышы ыктымал. Анан сырттан мигранттарыбыз кайтып келсе 1 миллиондон ашыгыраак айдоо жери бар Кыргызстан калкты азык-түлүк менен камсыздай алабы? Мына ушул суроого өкмөт жооп бериши керек", — деди Темиркулов.

Ал ошондой эле өлкөдө мал чарбачылыгы сапатсыз экенин белгилеп, асыл тукум малдын туягын көбөйтүү керектигин кошумчалады.

166
Белгилер:
кризис, экономика, коронавирус, Азамат Темиркулов
Тема боюнча
Сүт экспорттоону максат кылган фермер эмнеге көңүл бурушу керек
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев. Архив

Пульмонолог: азыркы пневмония COVID-19 вирусу чакырган илдет

991
(жаңыланган 17:22 03.07.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев учурда күчөп жаткан пневмония оорусунан дарылануу ыкмаларын айтты.
Пульмонолог: азыркы пневмония — COVID-19 вирусу чакырган илдет

Азыр жүрүп жаткан пневмонияны COVID-19дан бөлүп кароого болбойт. Экөө бир оору. Мындай пикирин Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ПЦР-тесттер COVID-19 вирусун көрсөтпөгөн учурда деле, эгер пневмония бар болсо, аталган дартка кабылган болуп эсептелет.

Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

"Коронавирус өзүнчө, азыр курч жүрүп жаткан пневмония өзүнчө деп ойлоо жаңылыштык. Азыркы пневмониянын козгогучтары бактерия же микроб эмес, ошол COVID-19 вирусу болуп жатат. Ошондуктан "атипичная внебольничная пневмония" же болбосо башка типтеги пневмония деп аталат. Оору өпкөнүн кан тамырларында тромбдорду пайда кылып, жыйынтыгында аба алмашуу керектүү деңгээлде жүрбөй, адамга кычкылтек жетпей демигип калат. Ошондуктан өлүмдүн саны да көп болууда. Бул жерде адамдар антибиотиктерди ичүү менен дарыланам деп адашып жатышат. Вируска ал дарылар жардам бербейт. Эгер белгилери байкалып дене табы көтөрүлсө, дароо үй-бүлөлүк врачтарга телефон чалуу керек. Ошолор айткан гана дары-дармектерди, башкысы, канды суюлтуучу препараттарды ичүү керек", — деди Сооронбаев.

Дарыгер вирус жуктуруп албаш үчүн обочолонуу, санитардык эрежелерди так сактоо керектигин кошумчалады.

991
Белгилер:
пневмония, коронавирус, Талант Сооронбаев
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония
Тема боюнча
Сооронбаев: балдарга газдалган суусундуктарды таптакыр бербеш керек
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов. Архив

Бекматов: саясий партиялар үгүт иштерин 50 пайызга чейин онлайн өткөрөт

37
(жаңыланган 12:49 03.07.2020)
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов алдыда боло турган парламенттик шайлоонун үгүт иштерине пандемияга байланыштуу бир топ эреже киргизилерин айтты.
Бекматов: саясий партиялар үгүт иштерин 50 пайызга чейин онлайн өткөрөт

Жогорку Кеңешке шайлоо жараянын өткөрүүгө мурдагылардан айырмаланып бир топ санитардык эреже киргизилет. Мындай кадамдар коронавируска байланыштуу болот. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, БШК үгүт иштери учурунда партияларды санитардык эрежелерди аткарууга милдеттендирген укуктук актыларды иштеп чыкты.

"Быйыл 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоо мурдагыларынан өзгөчө болот. Анткени мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерге кошумча дагы санитардык тартиптер киргизилет. Мунун баары коронавирустун калк арасына жайылуусуна жол бербөө максатын көздөйт. Ал үчүн талапкерлерге үгүт иштеринин 50 пайызга чейинкисин аралыктан, ЖМКлар аркылуу жүргүзүү тапшырмасы берилет. Бул көрсөткүч мурда 30 пайыздан ашпоосу керек эле. Мындан сырткары, шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүнү каалашса, азыркы учурдагы талапка ылайык, бир топко 50дөн ашык эмес гана адам чогултууга жана аларды коопсуздук аралыгын сактоо менен жайгаштырууга милдеттендирилет. Бул багытта атайын укуктук актылар иштелип чыкты", — деди Бекматов.

Ал ошондой эле санитардык талаптарды аткарбаган партиялар жоопко тартыларын кошумчалады.

37
Белгилер:
коронавирус, шайлоо, Абдыжапар Бекматов
Тема боюнча
Бекматов: убактылуу каттоого тургандар ал жерде шайлоого катыша албайт
Медициналык кызматкер ишге бара жатат. Архив

Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү

0
(жаңыланган 23:07 03.07.2020)
Сүрөт Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн имаратына тартылып, анда дарыгерлердин биринин элеси түшүрүлгөн. Чыгармачыл топ аны ушул жекшемби күнү бүтөрүн айтты.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Улуттук госпиталдын имаратында дарыгердин 12 метрлик портрети тартылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине DOXA Art-group чыгармачылык тобунун сүрөтчүсү Сергей Келлер кабарлады.

Анын айтымында, сүрөт жекшемби күнү тартылып бүтөт. Социалдык тармактагы баракчасына портретти жүктөп, ал дарыгерлерге арналарын жазган.

"Учурдун чыныгы баатырларына арнап эмгек жаратуудабыз. Портрет борборбогу Улуттук госпиталдын корпустарынын биринде болот", — деп жазган Келлер аккантуна.

Анын агенттикке билдиришинче, сүрөттүн бийиктиги 12 метрдей, чыгымын парламенттеги депутаттардын бири көтөрүп жатат.

"Картина Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн имаратында тартылууда. Ал Бөкөнбаев көчөсүнөн бир аз өйдө жактагы урология бөлүмүнө бет маңдай салынган. Эскизде дарыгерлердин биринин элеси түшүрүлгөн. Ушул жекшембиде аны толук бүтүрүп, дүйшөмбү күнү чыгармачылыгыбызды элге тартуулайбыз деп турабыз", — деди Келлер.

Буга чейин DOXA командасы залкар жазуусу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына тартышкан. Ошондой эле ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын портретин борбордогу медициналык колледждин жатаканасынын дубалына түшүрүшкөн.

0
Белгилер:
кызматкер, медицина, портрет, Сүрөт, Улуттук Госпиталь, Бишкек
Тема боюнча
Президент медиктерди Манас ордени, Даңк медалы менен сыйлады