ЕАЭБге кирген беш мамлекеттин экономикасы бирдей эмес. Абал коронавирус пандемиясы учурунда айкын билинип калды. Кырдаалды аталган уюм өз пайдасына колдонуп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Мындай пикирин Бактыбек Турусбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерде бирдей баа саясаты жүргүзүлүшү абзел.
"Союз убагында 15 республикада бирдей нарк саясаты катуу кармалчу. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде да ушундай эреже болуусу зарыл. Аталган уюмда экономика өз багыты менен, саясат өз жолу менен өнүккөнү туура. Учурдагы пандемия уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы алаканын кемчилик, артыкчылыктарын алаканга салгандай көрсөтүп койду. Эми Евразия экономикалык биримдиги жетишпеген жактарын эске алуу менен ишкерлерге колдоо көрсөтүп, кыска убакытта кризистен чыгып кетсе болот", — деди Турусбеков.
Эл өкүлү ЕАЭБдин келечеги кең деген пикирин кошумчалады.
Финансылык пирамиданы ачык эле адамдарды алдоо катары кабыл алсак болот. Анткени алар баштаганда эле азгыруу методдорун колдонушат. Мындай пикирин Самат Аалканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, финансылык пирамидада ийгиликке жеткендерге караганда алданып калгандардын саны көп болот.
"Кайсы гана пирамида бизнесин албаңыз, алар ошол тармакта акча табуу абдан жеңил экенин айтышат. Мисалы, белгилүү бир сумманы аларга берип коюп эле акчаңыздын болуп көрбөгөндөй тездикте көбөйөрүн убадалашат. Сизди катарына кошуу үчүн ийгиликке жетип, көп акча таап же кымбат баалуу буюмдарга ээ болуп жаткан адамдарды көрсөтүшөт. Бирок, тилекке каршы, бул айсбергдин бизге көрүнгөн чокусу гана. Анын түбүндө канчалаган адамдардын каражаты, бир тыйын таппай, тескерисинче, алданып отургандардын көз жашы турат. Биз жашоодо эч нерсе бекер эле келип калбасын түшүнүшүбүз керек. Бардык нерсеге эмгек жана чынчылдык менен гана жетерибизди билишибиз зарыл. Ошондо биз мындай пирамидаларга азгырылбай калабыз. Ал эми билбей кирип алып белгилүү бир суммада каражат короткон соң түшүнүп калсаңыз, жөн гана аны боло турган чыгым катары кабыл алып, сарсанаа болбой ошол нерседен чыгып кетүүгө аракеттениш керек. Кек сактап, өчөшүп же дагы башка ушундай кадамдарга баруу биринчи кезекте өзүбүз үчүн гана зыян алып келерин унутпашыбыз зарыл", — деди Аалканов.
Ал жеңил акча табуу жолу менен байып кетүүгө аракет жасоо өзүмчүлдүктүн белгиси экенин жана бул психологиялык көз карашта жашоо мыйзамына туура келбестигин кошумчалады.
Азыркы учурда Бишкекте дарыгерлерге кене чаккан жети адам кайрылды. Былтыр ушул эле мезгилде 15 киши кайрылган эле. Бул тууралуу Гүлкайыр Орокчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2010-жылдары энцефалит менен ооругандар көп болуп, өз учурунда толук дарыланбаган жаш бала каза болгон.
"Кене чаккандан кийин адамга үч күндүн ичинде иммуноглобулин сайылат. Анын таасири бир айга жетет. Үч күндөн ашып кетсе ийне сайылбайт, отуз күн дарыгердин көзөмөлүндө болот. Кене чаккандан баштап жетинчи жана онунчу суткада кан тапшырылып, вирустун бар-жогу текшерилет. Эгер адамды чаккан кене вирусту алып жүргөн болсо 7-14 күндүн ичинде булчуң, муундар, баш катуу ооруп, дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт. Оорунун башталышы сасык тумоого окшоп кетет. Энцефалитти алдын алуу үчүн вакцина алса болот. Кене энцефалитинин эпидемиологиялык кырдаалын эске алып Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комплекстүү алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп турат. Жыл сайын токойчулар, егерлер, чабандар, геолог студенттер жана башка жумушу же окуусу боюнча вирустук кене энцефалитинин очогуна чыккандарга профилактикалык эмдөө жасалат. Вакцина эки ирет бекер сайылат. Эмдөө алган адам тоого 14 күндөн кийин чыгышы керек. Андан соң бир жана үч жылдан кийин ревакцинация жасалат. Ал эми жөнөкөй жарандар жеке клиникаларга кайрылып, акча төлөп эмделе алышат", — деди Орокчиева.
Дарыгер кене энцефалити менен ооругандар бир жыл невропатологдун каттоосуна алынарын кошумчалады.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.
Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.
"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.
Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.
Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.