Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакашева: эриш-аркак жылдын алкагында мерчемделген 30дай иш-чара жылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАлыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева
Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева карантинге байланыштуу туш болгон тоскоолдуктар тууралуу айтты.
Бакашева: эриш-аркак жылдын алкагында мерчемделген 30дай иш-чара жылды

Кыргызстан — Россия эриш-аркак жылынын алкагында мерчемделген 30га чукул иш-чара карантинге байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу Жылдыз Бакашева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пландалган иштердин долбоору түзүлгөн, коронавируска байланышкан карантин бүтсө көпчүлүгү аткарылат.

"2020-жыл — Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы деп жарыяланган. Анын алкагында бир катар мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар мерчемделип, китепканалардын ортосунда дагы көптөгөн иштерди өткөрүү каралган. Февралдын башында Россиянын мамлекеттик китепканасынын фонддогу документтеринин негизинде "Россия жана Кыргызстан маданий диалогу" деген көргөзмө өттү. Тилекке каршы, карантин андан кийинки өтө турган иш-чараларды токтотууга мажбур кылды. Алсак, "Кыргызстан жана Хабаровск крайы" деген улуттар аралык көпүрө Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата өткөрүлмөк. Мындан тышкары, кыргыз жана орус тилдеринде китеп алмашуу, Жеңиштин 75 жылдыгына арналган, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча иш-чаралар, Россиянын тарых китепканасынын Кыргызстандагы күндөрү, китепкананын базасында Россиянын ЖОЖ бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп, жалпысынан 30га чукул иш-чараларды өткөрүүнү пландаганбыз", — деди Бакашева.

Ошондой эле ал Улуттук китепкана көптөгөн долбоорлорду онлайн өткөрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0