Залкарлар менен маектерим 300гө чукул. Алар 20 мүнөттөн бир жарым саатка чейин жетет. 2011-жылдан бери баарын кагазга түшүрүп, үч томдугун чыгарууга жетиштим. Бул тууралуу Тенти Орокчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алынган маектерге байланыштуу кызыктуу окуялар көп болгон.
"Учурунда көптөгөн залкар инсандар менен радиомаек уюштургам. Азыр КТРКнын "Алтын казынасында" 300гө чукулу сакталып турат. Алардын узактыгы 20 мүнөттөн бир жарым саатка чейин. 2011-жылдан бери кагазга түшүрүп, китеп кылып үч томдугун чыгардым. Түгөлбай Сыдыкбеков менен 25 саатка чукул маек уюштургам. Алардын биринде жазуучу байбичесин чакырып, радиодон чогуу угушуптур. Уктуруу аяктаган соң жубайы "кечке эле бир сөздү кайталай берет экенсиң" деп абышкасын сындаган экен. Муну кийин Түгөлбай Сыдыкбеков "аялым мактайт го деп күтүп жатсам, ушинтип сындап салды" деп айтып берген. Анан Кусейин Карасаев менен дагы 12 саат мектешкем. Анын үйүнө барып чай ичишип турат элек. Караколго көчүп кеткенден кийин дагы конокко чакырып турчу. Бир окуяны айтып берди эле. Эки жакын адамы көлгө эс алып кел деп чакырып, колунун бош эмес экенине карабастан алып кетишиптир. Анан азыркы Кырчын жайлоосунун тушуна келгенде жол тосулуу экен. Тигил экөө унаадан түшүп 20 мүнөттөй сүйлөшүшөт. Киргизүүгө макул кыла албай коюшуптур. Аңгыча бир аял чуркап келип "радиодон маек берген Карасаев деген сизби?" деп сурап, киргизиптир. Ошондо Кусейин Карасаев "чоң кызматта иштеген эки интеллигент киргизе албаган жерге сен алган радиомаек киргизди" деп ыраазы болгон. Өтүп кеткен адамдардын маектери кетип жатканда угуп алып "ой, бул каза болду дешти эле, тирүү турбайбы" деген сыяктуу окуялар көп эле болду", — деди Орокчиев.
Ошондой эле ал Токтоболот Абдумомунов үйүндө ооруп төшөктө жатканында 5-6 саат маек алганын кошумчалады.
Мамлекеттик кызматтагы адам убадасын аткарбай жатса сотко арыз менен кайрылууга болот. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, талаптар менен кайрылуулар жазуу түрүндө болушу шарт.
"Берилген убада аткаминердин милдетине кирсе жана тийиштүү чечимдер ал тарабынан кабыл алынса, аны аткарууну талап кылса болот. Убаданы аткартуу үчүн алгач анын өзүнө кат менен кайрылуу керек. Ал баш тарткан учурда андан жогору турган кызмат адамына же органга кайрылуу шарт. Эгерде эч кандай реакция болбосо, административдик сотко арыз жазуу керек. Мындан тышкары, сиздер кайрылган кызмат адамы же органдын чечимдери менен макул болбосоңуз, сотко арызданууга болот", — деди Бакиров.
Юрист саясий партиялардын, депутаттыкка же президенттикке талапкерлер берген убадаларын аткарбаса аларга чара көрүү мүмкүн эместигин белгиледи. Анын айтымында, бул ошол адамдын моралдык гана жоопкерчилиги болуп калат.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун тамыры тарбияда жатат. Мындай пикирин Айдана Абакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-энелер кызы менен эркек баласына эки бөлөк мамиле кылганы туура эмес.
"Коомдогу зордук-зомбулуктун тамыры тарбияга келип такалат. Үй-бүлөдө эч убакта кызды эркектен же тескерисинче, уул баланы кызынан артык көрүп тарбиялоо болбойт. Мындай көрүнүш өзгөчө көп кыздуу, жалгыз же уулу аз үй-бүлөлөрдө байкалат. Ата-эненин мындай тарбиясы кыздарына да, уулдарына да пайда алып келбейт. Албетте, кара жумуш же оор иштерди эркек балага жасатып, үйдөгү майда нерселерге кыздарды жумшаган туура. Бирок эч убакта аларга "сен кыз болгонуң үчүн муну жасабашың керек" же тескерисинче, "сен эркек болгонуң үчүн тигинден баш тартышың керек" деген чектөө койгонго болбойт. Сен жеке ою бар адамсың, деп берилген тарбия гана балдардын талант, шыгын кенен ачып, келечекте өз жолун татыктуу таап кеткенге көмөкчү болот. Бул жерде феминизм болушу шарт. Феминизмди, тилекке каршы, аялдардын укук талашуусу катары түшүнүп келебиз, бирок ал тең укуктуулук дегенди эле түшүндүрөт", — деди Абакова.
Психолог кыздар өздөрү да "аялзаты болгонум үчүн мага болбойт" деген сыяктуу чектөөлөрдөн арылышы зарылдыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Шейшемби, 9-март күнү, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл жергесинде +6...+11, ал эми Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +15...+17 жана Ош калаасында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.