Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оторбаева: каалагандын баары эле COVID-19га анализ тапшыра бербейт

© Sputnik / Асель СыдыковаОоруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева учурда COVID-19 вирусун аныктаган тогуз лаборатория иштеп жаткандыгын айтты.
Оторбаева: каалагандын баары эле COVID-19га анализ тапшыра бербейт

Өзүнөн коронавирустун белгилерин байкап, күмөн санаган адамдар алгач жашаган дареги боюнча телефон аркылуу үй-бүлөлүк дарыгелерге кайрылуусу зарыл. Алар COVID-19 вирусунун симптомдору бар экендигинен шек санап, багыттама берген учурда гана вирусту аныктоого тест тапшырат. Бул тууралуу Динара Оторбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жакындары ооруп же вирус жуккан адамдар менен байланышта болушум мүмкүн деп өз ыктыяры менен үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылган жарандар бар, алардан COVID-19 аныкталган учурлар да кездешүүдө.

"Коронавирус жуктуруп алдымбы же жокпу деп каалаган эле адам түз эле өзү лабораторияларга кайрылып анализ тапшыра албайт. Эгер өзүнөн кандайдыр бир оорунун белгилерин байкап, шек санаса, бардык ден соолугунда болуп жаткан өзгөрүүлөрү тууралуу жашаган дареги боюнча байтапканага чалып, маалымат берүүсү зарыл. Ал жердеги үй-бүлөлүк дарыгер бейтаптын айтканы боюнча COVID-19 бар деп эсептесе, ага багыттама берет. Бул багыттаманын негизинде оорулуу Тез жардам менен байланышып, атайын даярдалган дарыгерлер тобу келип, бейтапты бардык эрежелерди сактоо менен анализ тапшырууга алып кетишет. Ким кааласа эле барып COVID-19га анализ тапшыра албайт", — деди Оторбаева.

Ал адам конокко келген же ал дарек боюнча катталган эмес болсо да оорунун белгилерин өзүнөн байкаса, эң жакын жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылуусу зарыл экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0