Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова

Жусупбекова: экзамендик баа коюуда окуучунун жеке жетишкендиги каралат

122
(жаңыланган 12:30 14.05.2020)
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2019-2020-окуу жылында мектеп окуучулары экзамен тапшырбай тургандыктарын айтты.
Жусупбекова: экзамендик баа коюуда окуучунун жеке жетишкендиги каралат

Быйыл мамлекеттик экзамендердин форматы өзгөртүлдү, тактап айтканда, окуучуларга сынак болбойт. Муну менен алардын ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле ЖРТга даярданууга убакыт берүү максатын койдук. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2019-2020-окуу жылында каникулдар узагыраак болгонуна байланыштуу окуу жылы 30-майда аяктайт.

"Окуучулар программаны толук өздөштүрүшү үчүн окуу жылы узартылды. Ошондой эле өлкөдөгү абалды эске алып, быйыл мамлекеттик экзамендердин форматы дагы өзгөртүлдү. Азыр ар бир мектепте директордун буйругу менен предметтик комиссиялар түзүлөт. Ага предметтик мугалимдер, класс жетекчиси кирет. Алар ар бир окуучунун текшерүү, жазуу иштерин, практикалык жана лабораториялык иштерин, олимпиада, спартакиада жана башка жеке жетишкендиктерин эске алып, жыйынтыктоочу баа чыгарат. Тактап айтканда, окуучунун буга чейинки жетишкендиктерин эске алуу менен аттестат, күбөлүктөргө экзамендик баалар коюлат, ал эми сынактын өзү өткөрүлбөйт. Эгерде окуучу коюлган баа менен макул болбосо, атайын түзүлгөн комиссияга кайрылууга укугу бар. Мунун баарын жөнгө салган жобо иштелип чыгып бекитилди. Азыр ар бир мектепке жөнөтүлдү", — деди Жусупбекова.

Ошондой эле ал 21-июндан 25-июнга чейин ЖРТны өткөрүү пландалып жатканы кошумчалады.

122
Белгилер:
ЖРТ, мектеп, бүтүрүүчү, окуу, Надира Жусупбекова
Тема боюнча
Быйыл мектептерде акыркы коңгуроо кагылбай турган болду
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архивное фото

Сазыков: автоматташтырылган система орнотпогон май куюучу жайлар жабылат

38
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков 1-июлга чейин май куюучу жайлар автоматташтырылган система орнотушу керектигин айтты.
Сазыков: автоматташтырылган система орнотпогон май куюучу жайлар жабылат

350гө жакын май куюучу жай автоматташтырылган системаны орнотту. Аны жасабагандары ишмердүүлүгүн токтотууга туура келет. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 900дөн ашык май куюучу жай бар.

"Май куюучу бекеттер башкаруунун автоматташырылган системасын колдонушу керек. Ага ылайык, кардар көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албаса, май куя албайт. Бул системаны киргизүү менен май куюучу жайлары салыктарын кандай төлөп жатканы көзөмөлгө алынат. Жөнөкөй жарандар чектеги атайын QR код аркылуу ишкананын салык төлөп-төлөбөгөнү тууралуу маалымат алат. Ал эми салык органы тийиштүү аналитикалык иштерди жүргүзөт. Анткени керектүү маалыматтар салык кызматынын базасына автоматтык түрдө келип түшөт. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкандарынын көпчүлүгү аппараттарды орнотушту. Белгилей кетүүчү жагдай, 1-июлга чейин автоматташтырылган системасы жок май куюучу жайлар ишмердүүлүгүн токтотушу керек болот", — деди Сазыков.

Ошондой эле ал автоматташтырылган системанын туура орнотулганын атайын мекемелер аралык комиссия текшере турганын кошумчалады.

38
Белгилер:
текшерүү, май куюучу бекет, салык, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова. Архивдик сүрөт

Кусеинова: баланы мектепке каттатууну создуктурбаш керек

34
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова электрондук каттоо жүргүзүлө турган аймактарда балдарды 1-класска киргизүү үчүн кандай документтер керектигин айтып берди.
Кусеинова: баланы мектепке каттатууну создуктурбаш керек

2020-2021-окуу жылына карата өлкөнүн алты шаарында мектептерге электрондук каттоо жүргүзүлүүдө. Документтерди тапшырууда кемчиликтер болсо, ата-энелер аны беш күндүн ичинде оңдошу керек. Болбосо ээлеген ордун жоготуп алышы толук ыктымал. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук каттоо Бишкек, Ош, Токмок, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Жалал-Абад шаарларында жүргүзүлөт.

"Балдарын каттатуу үчүн mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, каалаган мектепти тандашат. Ошондой эле аталган сайтта жайгашкан өтүнмөнү толтуруп, жашаган жеринен справканын, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жана ата-эненин паспортунун сканерин тиркешет. Документтерди мектеп директору текшерип, өтүнмө кабыл алынганын маалымдайт. Андан соң ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр тийиштүү документтерди мектепке 14 күндүн ичинде тапшыруусу зарыл. Ал жерде баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн паспортунун көчүрмөлөрү жана түп нускасы, баланын ден соолугунун абалы боюнча медициналык справка жана үч-төрт өлчөмүндөгү сүрөтү болуусу шарт. Эгерде документтер толук болбой же сапаты начар болуп калса, өтүнмө артка кайтарылат. Мындай учурда ата-энелер ошол эле сайттан беш күндүн ичинде кемчиликтерди оңдоосу зарыл. Белгиленген мөөнөткө чейин бул каталар оңдолбосо, окуучу ордун жоготуп коюшу ыктымал. Быйыл мектепке кабыл алуу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды. Мындан тышкары, документтердин бардыгын толуктап, сканерден сапаттуу өткөрүп тиркөө зарыл. Анан дагы ата-энелерди акыркы күнгө чейин жүрө бербей, азыртадан камылга көрүүгө чакырам", — деди Кусеинова.

Ошондой эле ал учурда жалпысынан 16 миң 406дан ашуун арыз түшүп, анын ичинен 6 миң 600дөн ашык бала документтерин тапшырып, 1-класска кабыл алынганын кошумчалады.

34
Белгилер:
каттоо, мектеп, окуучу, ата-эне
Тема боюнча
Балдарды 1-класска электрондук кабыл алуу жанданды

93 жашында шуулдап операция жасаган Мамакеев. Дарыгердин иш учурунан видеобаян

0
Хирург Мамбет Мамакеевди кыргыз эли эле эмес, бүт дүйнө тааный баштады. Себеби ал 68 жылдык карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирди. Жакшы жаңылыгы менен алтын колдуу дарыгерди Sputnik Кыргызстан агенттиги да куттуктап, ал-абалын сурап келди.

93 жаштагы Мамбет Мамакеев башка курбалдаштарына салыштырмалуу тың, күүлүү-күчтүү. Учурда Бишкектеги хирургия борборунда иштеп, күнүнө 3-4 операция жасайт. Биз барган учурда кезектеги операциясына даярданып жатыптыр.

"Азыр бейтаптын өтүн алабыз. Кааласаңар операцияга кирип чыккыла" деп шуулдап халатын кийип, операция залына жөнөдү. Операция көз ачып-жумганча бүттү. 93 жаштагы хирург 10 мүнөттүн ичинде кайра иш бөлмөсүнө келип калды.

"Операциядан тажабайм, чарчабайм дагы. Анткени ал жакта сүйлөбөйсүң. Хирургдун мээси, анан колу жакшы иштеш керек. Көп сүйлөгөндөн чарчап кетем. Ушул жашка келгичекти бир да күн жумушума кечигип же келбей калган күнүм болгон эмес. Ишиңди жакшы көрсөң, андан тажабайсың", — деди дарыгер.

Мамакеевдин хирургия тармагында иштей баштаганына 68 жылдан ашыптыр. Бул аралыкта ал 30 миңден ашык адамдын өмүрүн сактап калган. 1000ге чукул шакирттерди тарбиялап, 200дөй илимий эмгектин автору болгон. Дарыгер адамга таланттан биринчи эмгек керек экенин айтып, тырышчаактыгынын, эмгекчилдигинин арты менен атактуу хирург болгонун айтып берди.

"Медициналык институтта билим алып жүргөндө мугалимдер мени тартипсиз, орой, орусча сүйлөй албайт деп жаман көрчү. Аспирантурага тапшырарда да "бул кантип аспирант болот" деп араң өткөрүшкөн. Бирок мен тырышчаактыгым, эмгекчилдигим менен аспирант болмок тургай, ушул даражага жеттим. Айрымдары "Мамакеев дагы эле тирүүбү" деп сурайт экен (күлүп). Мен бул жумушума көнгөм. Аны таштоо оңой эмес. Ишиңе берилүү менен мамиле кылыш үчүн ишти, ооруну, бейтапты да сүйгүнүң. Кесипкөй адис болом десең билимге умтул. Мунун баары болгондо гана ишке көңүл тартат", — деди хирург.

Кызыгы, хирург өмүрүндө чылым чегип, арак ичип көргөн эмес. Дени сак жашоого бала кезинен көнүп, чыйралганын айтып отурду. Мамакеев дүйнөдөгү аксакал дарыгерлердин бири. Кемпири менен эки уулду тарбиялап чоңойтушкан.

"Кемпирим 91 жаштын чайын ичип отурат. Бирок алдан тайып, араң басып, сүйлөбөй калды. Экөөбүз баштан далай кыйынчылыкты өткөрдүк. Эки уулум менин жолумду жолдоп медицина тармагын тандап алышкан. Биринчи уулум ооруканада диагностикалык борборду иштетсе, экинчиси ушул оорукананын жетекчиси. Небере-чөбөрөлөрүм бар", — деди Мамакеев.

Хирург биз менен маегинде экинчи даражадагы "Манас" орденинен башка мамлекеттик сыйлыктын баарын алганын айтып отурду. "Кудай күч-кубат берсе иштей берем, азырынча көзүм курч, мээм алжый элек", — деди ал.

Айтылуу хирург 1927-жылы Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн.

Бишкек шаарында анын ысымы ири хирургия борборуна ыйгарылган.

0
Белгилер:
эмгек жолу, операция, дарыгер, хирург, видео, таржымал, Мамбет Мамакеев
Тема боюнча
Айыгарын билбей өлмөкчү болуп... Өзгөчө операция жасаган нейрохирургдун маеги
Шоопур болуп кете жаздаган. Миңдеген мээни ачкан Миталип Мамытов 80 жашка чыкты