Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батыралиев: COVID-19 такыр жок болуп кетпейт, эми аны менен жашайбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековМедицина илимдеринин доктору, профессор Талантбек Батыралиев. Архив
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талантбек Батыралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Батыралиев коронавирус пандемиясына байланыштуу адатка айланган гигиена эрежелерин таштап салбоого чакырды.
Батыралиев: COVID-19 такыр жок болуп кетпейт, эми аны менен жашайбыз

COVID-19 вирусу такыр жок болуп кетпейт, эми биз аны менен жашайбыз. Мындай пикирин Талантбек Батыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү убактысынан эртерээк алып салууда.

"COVID-19 такыр жок болуп кетет деп ойлоо жаңылыштык. Башка пайда болгон вирустар сыяктуу эле бул да биздин жашообузда кала берет. Ал эми ага вакцина табуу, вирустун адам ден соолугуна келечектеги таасири — бул башка маселе. Бул жакта туруп алып эле туура эмес дегенден алысмын, бирок жеке пикиримде, республика коронавируска байланыштуу чектөө эрежелерди эртерээк алып салып жаткандай сезилет. Оорунун экинчи толкуну болбойт же массалык түрдө жайылып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Дүйнөлүк медиктер азыр бул суроонун айланасында баш катырууда. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн ден соолугуна жоопкерчиликтүү карап, гигиенаны сакташы зарыл. Негизи көптөгөн чоң көйгөйлөрдү чечкенге караганда алдын алган оңой. Өздүк гигиенаны сактоонун аркасы менен башка да жугуштуу оорулар кескин кыскарды, тажрыйбадан көрүп жатабыз. Муну токтотпой күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгү катары калыптандырып калышыбыз керек", — деди Батыралиев.

Мурдагы министр калктын саламаттыгы үчүн "таза кол, таза суу жана таза даараткана" деген аталыштагы программа ишке ашырылып, ушул үч багытта санитардык эрежелердин камсыздалышы боюнча аракеттер көрүлүшү зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0