Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кучумкулов: эми автоунааларды электрондук паспорттун көчүрмөсү менен каттайбыз

© Sputnik / Асел СыдыковаМамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Кучумкулов
Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Кучумкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Кучумкулов өкмөт тарабынан 2017-жылдын 23-июнунда кабыл алынган "Транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгени жатканын айтты.
Кучумкулов: эми автоунааларды электрондук паспорттун көчүрмөсү менен каттайбыз

МКК Юстиция министрлиги менен биргеликте транспорт каражатынын электрондук паспортунан алынган көчүрмөсү менен өлкөгө алып келинген автоунааларды каттоону ишке ашырууну караштырган ченемдик укуктук актыны долбоор катары иштеп чыкты. Бул тууралуу Бахтияр Кучумкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган ченемдик укуктук актынын долбоору бүгүнкү күндө коомдук талкууда турат.

"Транспорт каражатынын электрондук паспортунан алынган көчүрмөсү менен өлкөгө алып келинген бардык автоунааларды каттоону ишке ашырууну караштырган ченемдик укуктук акты, биринчиден, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда кабыл алынган макулдашууларга ылайык долбоор катары иштелип чыкты. Анткени аталган уюмдун жобосунда бардык транспорт каражаты катары эсептелген техниканын электрондук паспорту болушу шарт. Бүгүнкү күндө бул шартка ылайык Россия жаңы транспорт каражаттарына аталган документти бере баштады. Ал эми биримдикке мүчө болгон башка мамлекеттер бул жобону ишке ашырууга далалат кылып жатышат. Тилекке каршы, бизде бул кадамдарды ишке ашырууга учурдагы мыйзамдар жол бербейт. Ошол себептен аталган долбоорду иштеп чыктык. Транспорт каражаттарынын электрондук паспортунун артыкчылыктары абдан көп. Мисалы, ал документте тигил же бул техника тууралуу анын өндүрүштөн чыккан күнүнөн тарта, учурдагы кожоюнуна чейин бардык маалыматтар камтылат. Бирок бул транспорт каражатынын техникалык паспортун жокко чыгарат дегендик эмес, экөө чогуу болот", — деди Кучумкулов.

Ошондой эле ал аталган долбоор ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген гана транспорт каражаттарына тийиштүү болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0