Медиа серепчи Өмүрбек Сатаев

Сатаев: журналисттерге аккредитация берилбей, жалган кабарлар көп тарады

57
(жаңыланган 17:07 16.05.2020)
Медиа серепчи Өмүрбек Сатаев пандемия учурунда журналисттердин иши оор болгонун айтты.
Сатаев: журналисттерге аккредитация берилбей, жалган кабарлар көп тарады

Карантиндин алгачкы айында журналисттерге аккредитация берилген жок. Натыйжада фейк маалыматтар көп тарап жатты. Мындай пикирин Өмүрбек Сатаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда интернеттин өнүгүүсү менен элдин маалыматтын чын-төгүнүн аныктоосу кыйынга туруп жатат. Мындай абалды эске алып, пандемия сыяктуу учурларда расмий ЖМКларга иштөөгө токтоосуз уруксат берилиши керек эле.

“Карантин журналисттерге бир топ татаалдыктарды жаратты. Бир айга чукул убакыт журналисттер аккредитациясыз иштешти. Маалымат жыйындарга, сюжеттерди тартканга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү болгон жок. Мындан улам элге маалымат жетишсиз болуп калды. Башка өлкөлөрдө журналисттер үчүн атайын шарттар түзүлдү. Албетте, медициналык коопсуздукту камсыздоо максаты болду. А бирок аудиторияга так жана ачык кабар жеткиликсиз болуп, эл арасында жалган маалыматтар тарап жатты. Бул боюнча бир нече мисалдарды келтирүүгө болот. Ал эми карапайым калк кайсынысы жалган, кайсынысы так экенин айырмалай беришпейт. Бул мамлекеттин өзүнө деле зыян болот”, — деди Сатаев.

Серепчи аудио, видео жана тексттик маалыматты бир учурда бир эле ЖМК таркатууга багытталган конвергенттик журналистика күч алып бара жатканын белгиледи.

57
Белгилер:
аккредитация, журналистика, телевидение, карантин, пандемия, Өмүрбек Сатаев
Тема боюнча
Бишкекте журналист өткөрмө кагаз саткан жигитти тузакка түшүрдү. Окуянын чоо-жайы
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архивное фото

Сазыков: автоматташтырылган система орнотпогон май куюучу жайлар жабылат

40
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков 1-июлга чейин май куюучу жайлар автоматташтырылган система орнотушу керектигин айтты.
Сазыков: автоматташтырылган система орнотпогон май куюучу жайлар жабылат

350гө жакын май куюучу жай автоматташтырылган системаны орнотту. Аны жасабагандары ишмердүүлүгүн токтотууга туура келет. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 900дөн ашык май куюучу жай бар.

"Май куюучу бекеттер башкаруунун автоматташырылган системасын колдонушу керек. Ага ылайык, кардар көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албаса, май куя албайт. Бул системаны киргизүү менен май куюучу жайлары салыктарын кандай төлөп жатканы көзөмөлгө алынат. Жөнөкөй жарандар чектеги атайын QR код аркылуу ишкананын салык төлөп-төлөбөгөнү тууралуу маалымат алат. Ал эми салык органы тийиштүү аналитикалык иштерди жүргүзөт. Анткени керектүү маалыматтар салык кызматынын базасына автоматтык түрдө келип түшөт. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкандарынын көпчүлүгү аппараттарды орнотушту. Белгилей кетүүчү жагдай, 1-июлга чейин автоматташтырылган системасы жок май куюучу жайлар ишмердүүлүгүн токтотушу керек болот", — деди Сазыков.

Ошондой эле ал автоматташтырылган системанын туура орнотулганын атайын мекемелер аралык комиссия текшере турганын кошумчалады.

40
Белгилер:
текшерүү, май куюучу бекет, салык, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова. Архивдик сүрөт

Кусеинова: баланы мектепке каттатууну создуктурбаш керек

34
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова электрондук каттоо жүргүзүлө турган аймактарда балдарды 1-класска киргизүү үчүн кандай документтер керектигин айтып берди.
Кусеинова: баланы мектепке каттатууну создуктурбаш керек

2020-2021-окуу жылына карата өлкөнүн алты шаарында мектептерге электрондук каттоо жүргүзүлүүдө. Документтерди тапшырууда кемчиликтер болсо, ата-энелер аны беш күндүн ичинде оңдошу керек. Болбосо ээлеген ордун жоготуп алышы толук ыктымал. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук каттоо Бишкек, Ош, Токмок, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Жалал-Абад шаарларында жүргүзүлөт.

"Балдарын каттатуу үчүн mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, каалаган мектепти тандашат. Ошондой эле аталган сайтта жайгашкан өтүнмөнү толтуруп, жашаган жеринен справканын, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жана ата-эненин паспортунун сканерин тиркешет. Документтерди мектеп директору текшерип, өтүнмө кабыл алынганын маалымдайт. Андан соң ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр тийиштүү документтерди мектепке 14 күндүн ичинде тапшыруусу зарыл. Ал жерде баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн паспортунун көчүрмөлөрү жана түп нускасы, баланын ден соолугунун абалы боюнча медициналык справка жана үч-төрт өлчөмүндөгү сүрөтү болуусу шарт. Эгерде документтер толук болбой же сапаты начар болуп калса, өтүнмө артка кайтарылат. Мындай учурда ата-энелер ошол эле сайттан беш күндүн ичинде кемчиликтерди оңдоосу зарыл. Белгиленген мөөнөткө чейин бул каталар оңдолбосо, окуучу ордун жоготуп коюшу ыктымал. Быйыл мектепке кабыл алуу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды. Мындан тышкары, документтердин бардыгын толуктап, сканерден сапаттуу өткөрүп тиркөө зарыл. Анан дагы ата-энелерди акыркы күнгө чейин жүрө бербей, азыртадан камылга көрүүгө чакырам", — деди Кусеинова.

Ошондой эле ал учурда жалпысынан 16 миң 406дан ашуун арыз түшүп, анын ичинен 6 миң 600дөн ашык бала документтерин тапшырып, 1-класска кабыл алынганын кошумчалады.

34
Белгилер:
каттоо, мектеп, окуучу, ата-эне
Тема боюнча
Балдарды 1-класска электрондук кабыл алуу жанданды
Гвоздика гүлү. Архивдик сүрөт

Профессор, физика-математика илимдеринин доктору Арапбай Марипов дүйнөдөн кайтты

0
(жаңыланган 16:31 06.06.2020)
Марипов физика-математика илимдеринин доктору, Нью-Йорк илимдер академиясынын академиги, Эл аралык оптика коомунун мүчөсү болгон.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. 5-июнь күнү белгилүү илимпоз, профессор Арапбай Марипов 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Марипов физика-математика илимдеринин доктору, Нью-Йорк илимдер академиясынын академиги, Эл аралык оптика коомунун мүчөсү болгон. 

Заслуженный деятель науки, профессор Арапбай Марипов
© Фото / из семейного архива Мариповых
Илимпоз, профессор Арапбай Марипов

Профессор Арапбай Марипов 1939-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. Москва мамлекеттик университетин 1964-жылы аяктаган. 1994-жылы "Кубулуп турган голографиясынын жаңы аспектилери" ("Новые аспекты радужной голографии") темасында докторлук диссертациясын жактаган. Жетимиштен ашык илимий макалаларды жарыялаган, анын ичинен бир монографиясы бар.

Арапбай Мариповдун сөөгү эртең, 7-июнда, "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет.

0
Белгилер:
өлүм, профессор
Тема боюнча
Улуттук сүрөт өнөрүн көтөргөн Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды