Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурматов: COVID-19 майдын этегинде токтошу божомолдонууда

© Sputnik / Табылды КадырбековВирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов. Архив
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов өзгөчө абалдын токтотулганына карабастан карантиндик режим сакталышы керектигин айтты.
Нурматов: COVID-19 майдын этегинде токтошу божомолдонууда

COVID-19 майдын этегинде токтошу божомолдонууда. Ошондуктан жарандар медицина кызматкерлери койгон талаптарды аткарууну улантуусу зарыл. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, уруксат берилген ишканаларда бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталуусу зарыл.

"Коронавирус 1965-жылы табылган. Ага чейин деле жаратылышта жашап келген. Андан бери жыл сайын кадимки сасык тумоону козгогон вирустардын катарында эле дартты козгоп келген. Бирок акыркысы бир пайыздай жугузгандарды өлүмгө чейин жеткирип, өпкөдө пневмония дартын чакырып коркунучтуурак болуп жатат. Анткен менен вирустардын көпчүлүгүнө, анын ичинде коронавируска дагы мезгил өз таасирин тийгизет. Медиктердин буга чейин жасаган аракети, киргизилген карантин, маска тагынуу режими, гигиена эрежелеринин сакталышы, адамдардын ортосундагы аралык, мезгилдик фактор жана башка нерселер менен COVID-19 майдын этегинде токтойт деп божомолдоп жатабыз", — деди Нурматов.

Ошондой эле ал коронавирус жуктуруп алгандардын көпчүлүгүндө дарттын белгилери жок болуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0