Көз карандысыз саясий серепчи Азамат Темиркулов. Архив

Темиркулов: медициналык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар

155
Көз карандысыз саясий серепчи Азамат Темиркулов коронавирустан кийин Кыргызстан үчүн эле эмес, дүйнө эли үчүн жаңы доор баштала турганын айтты.
Темиркулов: медициналык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар

Өлкөдө медициналык туризмди өнүктүрүп, өлкөнүн экономикасын жана медицинасын көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Тилекке каршы, аны пайдаланбай жүрөбүз. Мындай пикирин Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Серепчинин айтымында, буга чейин адамдар бизнес, акча деп эле жүгүрүп жүргөн болсо, эми өзүнүн ден соолугун, иммунитетин ойлой башташты.

"Өлкөдө ден соолукту чыңдоочу ресурстар абдан көп. Тоолордо радон, минерал, жылуу суулар бар. Ошондой эле Кочкордогудай туз шахталарын, дары чөптөрдү, ылайларды пайдаланууга болот. Ал үчүн чет өлкөдөн инвесторлорду тартып келиш керек. Курорт, санаторий, дарылоочу жайларды ачып, Кыргызстанды дүйнөлүк ден соолукту чыңдоочу борбор кылып койсо болот. Бул каалайбызбы-каалабайбызбы, эртели-кеч келе турган нерсе. Кыргызстан өзү жасай албаса, чет жактан келгендер ишке ашыруусу ыктымал. Анткени мындай шарты бар өлкөлөр саналуу эле. Алсак, Швейцариянын Альпысында, Кавказда, Америка континентиндеги Анды тоолорунда, анан бизде бар. Дүйнөлүк деңгээлде алсак, башка жерде мындай мүмкүнчүлүк аз. Эгер ушул медициналык туризмди жолго коюп алсак, өлкөнүн экономикасы менен кошо медицина тармагы дагы бир кыйла өнүгөт", — деди Темиркулов.

Эксперт ошондой эле коронавирус өлкөдөгү бардык кемчиликтерди ачыктап койгонун кошумчалады.

155
Белгилер:
туризм, медицина, экономика, коронавирус, Азамат Темиркулов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1483)
Тема боюнча
Темиркулов: кризистен чыгуу үчүн козу карын өстүрүп, коен багуу керек
Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова

Абдырасулова: күндүн, суунун же шамалдын кубатынан энергия алуу керек

34
Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова атмосферага бөлүнүп чыккан уулуу заттарды азайтса болорун айтты.
Абдырасулова: күндүн, суунун же шамалдын кубатынан энергия алуу керек

Электр энергиясын үнөмдөө менен экологияга пайда келтире алабыз. Бул тууралуу Нурзат Абдырасулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Париж келишиминде дагы ар бир өлкө өз мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче экологиялык көйгөйлөр менен күрөшүүсү зарыл экендиги көрсөтүлгөн.

"Өлкөдө экологиялык маселелер менен улуттук деңгээлде иш алып баруу боюнча атайын документтер кабыл алынган. Анда айлана-чөйрөгө уулуу заттардын таасирин минималдаштыруу каралган. Ошол эле көмүр жагууну, автоунаалардан бөлүнүп чыккан уулуу газдарды атмосферага таркашын азайтуу зарыл. Мүмкүнчүлүккө жараша электр кубаты менен иштеген автоунааларга өтүп, күндүн, суунун же шамалдан алынган энергиянын түрлөрүн көбөйтүү керек. Бул технологиялар дүйнөдө жакшы өнүгүп, баасы арзан болуп калды. Өкмөт тарабынан жакшылап көңүл бурулуп, туура саясат жүргүзүлүшү шарт. Эң негизгиси, энергияны үнөмдөп колдонуу зарылчылыгы келип чыгууда. Эгер сарамжалдуу колдоно турган болсок, коңшу өлкөлөрдөн сатып албайбыз. Ошондой эле экологияга тийген терс таасирди азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Абдырасулова.

Ошондой эле ал учурда туруктуу энергияны каржылоо программасынын алкагында бир катар долбоорлор ишке ашырылганын кошумчалады.

34
Белгилер:
Кыргызстан, экология, электр энергиясы
Тема боюнча
Казакстандан 500 млн. кВт/саат энергия импорттоо макулдашылды. Баа өзгөрөбү
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров

Өмүров: ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат

1323
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров жогорку окуу жайга аралыктан тапшыруу үчүн онлайн-платформа иштелип чыкканын айтты.
Өмүров: ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат

Быйыл пандемиядан улам элдин ден соолугуна кам көрүү жана санариптештирүү жылында технологияларды толук пайдалануу максатында министрлик тарабынан жогорку окуу жайларга кабыл алууну аралыктан өткөрүү макулдашылды. 3-4 ай мурун даярдыктарды баштап, долбоор иштеп чыктык. Бул тууралуу Нурлан Өмүров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жылына жалпы ЖОЖдор үчүн 5700 бюджеттик орун берилет.

"Жогорку окуу жайга аралыктан тапшыруу үчүн онлайн-платформа иштелип чыкты. Жылына абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын алгандан кийин ЖОЖго барып, каалаган кесибин тандап, кутучага талондорун таштачу. Алар ошондой эле тандаган факультетине кандай балл менен канча абитуриент тапшырып жатканын монитордон көрүп турушчу. Быйыл мунун баары онлайн түрдө өтөт. Абитуриенттер өлкөбүздүн каалаган чекитинен системага кирип, ЖОЖдор тууралуу толук маалымат ала алат. Окуу жайлардагы факультеттер, андагы бюджеттик, контракттык орундардын саны менен таанышат. Талонун онлайн-каттоодон өткөрүп, кадимкидей эле башка абитуриенттер кайсы адистикке канча талон, кандай балл менен тапшырып жатканын көрө алышат. Окууга онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-25-июль аралыгында өтөт. Экинчи тур 27синен 31-июлга чейин, ал эми 3-7-август күндөрү үчүнчү тур менен жыйынтыкталат. Система өзү бүтүрүүчүнүн билим алган аймагына карап мурдагыдай эле автоматтык түрдө жеңилдиктерди берет", — деди Өмүров.

Ал өкмөттүн чечими менен кайсы кесипке канчадан орун берилери жана ар бир университетке канча бюджеттик орун бөлүнгөндүгү тууралуу токтом чыгарыларын кошумчалады.

1323
Белгилер:
онлайн, пандемия, абитуриент, ЖОЖ, Нурлан Өмүров
Тема боюнча
Аттестат качан берилип, ЖОЖдор кантип кабыл алат? Бүтүрүүчүнүн 8 суроосуна жооп

Расизмби же анархиябы? АКШ оңой эмес тандоо алдында турат

0
Афроамерикалык жарандын полиция кызматкеринин колунан каза табышы АКШда толкундоолорду шарттап, ал массалык башаламандыкка айланып кетти. Окуянын АКШнын саясий айдыңына кандай таасир берээрине россиялык журналист Ирина Алкснис көз чаптырган.

Жорж Флойддун өлүмү жана андан кийинки окуялар АКШдагы шайлоо кампаниясында колдонула турганында шек жок эле. Башкы сокку расизм жана афроамерикалык кишини өлтүргөн полиция кызматкерлеринин мыкаачылыгы үчүн күнөөлөнгөн Трампка узатылары божомолдонгон. Бирок окуянын өрчүшү менен реалдуулук демократтарга кезектеги күтүүсүз белегин тартуулай турган болуп калды.

АКШ лидери мыкты даярдалган спектакль коюп берди. Катуу сүйлөп, алгач акция катышуучуларын "бунт чыгаргандар" деп, бир катар штат жетекчилерин тынч элдин коопсуздугун коргой алган жоксуңар деп күнөөлөп, башаламандыкты токтотуу үчүн бардык федералдык ресурсту, керек болсо армияны колдонорун айтты.

Трамп Ак үйдө сүйлөп жаткан маалда полиция коменданттык сааттан улам Лафайет-скверди митингчилерден бошотуп жаткан эле.

Андан соң өлкө башчы резиденциядан чыгып, бир күн мурун радикалдар өрт койгон Ыйык Иоанн чиркөөсүнө барды. Библияны бийик көтөрүп, өлкө коопсуздугун камсыздоону убадалады да "АКШ — дүйнөдөгү алп мамлекет" экенин жар салды.

Президенттин мындай кадамына илгиртпей жооп кайтарылды. Конгресстеги демократтардын лидерлери биргелешкен билдирүү таратып, Трамптын аракеттерин "коркоктук, натыйжасы жок жана кооптуу" деп баалашты.

Кескин сынды Нью-Йорк менен Орегондун губернаторлору да жаадырышты. Ал эми Нью-Йорктун мэри Муриэа Баузер Лафайет-скверди курал-жараксыз акция өткөрүп жаткандардан тазалоону абийир алып келбей турган кадам деп сыпаттады.

Россиялык көз караш менен алып караганда мунун баары кыйла кызык. Бир четинен жергиликтүү жана аймактык бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын башаламандыкты басуу үчүн жетишсиз экени айгине болуп турат. Экинчи жагынан президент сөөмөй кезеп, коркуткандан башка абалды турукташтыруу үчүн алгылыктуу кадам жасай элек.

Мунун жандырмагы америкалык мамлекеттик системанын өзгөчөлүгү менен бүгүнкү күндөгү саясий каршылашуунун өтө одоно жүрүшүндө.

АКШда федералдык борбор менен штаттардын ыйгарым укуктарын бөлүп кароо кыйла татаал, бирок жалпы жонунан аймакта болуп жаткан нерсе үчүн жоопкерчилик регионалдык бийликтин мойнунда. Бул укук коргоо органдарына да тийиштүү, мындан улам күч түзүмүнүн структурасын да оңой менен түшүнө албайсың.

Буга расалык негизде чыккан башаламандыктын Америка үчүн эч жаңылыгы жок экенин кошо кетели. Мындай окуялар өлкөдө байма-бай кайталанып турат. Эң белгилүүсү 1992-жылы Лос-Анджелесте болгон, бирок көпчүлүк 2014-жылы Фергюсондогу акцияларды жакшы билет.

Федералдар мындай окуяларга алы жетпей баратканын туюп-сезген штат бийлигинин өтүнүчү менен гана кийлигише алат. Мындан тышкары, губернаторлордун башын аттап күч колдонууга президент укуктуу, бирок бул учурда жоопкерчиликтин баары ага жүктөлүп калат.

Иттин өлүгү ушул жерде көмүлгөн: Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин чыккан башаламандык штаттын көпчүлүк бөлүгүнө (50дөн 45инде) жайылды. Бирок талап-тоноочулук, зомбулук Демократиялык партиянын "жеринде" болуп жатат. Бул Трамптын жеңишке жетүүгө кыпындай да мүмкүнчүлүгү жок аймактар.

Демократ-губернаторлордун катуу чара көрүүгө даярдыгынын жоктугун түшүнсө болот: алар негизинен басымдуу бөлүгү мародерчулукка да күч колдонууга каршы турган электоратка таянып жашайт.

Айтор, Америкадагы жарандык-саясий каршылашуудагы тараптардын баары өз пикирин билдирди. Демократтар толкундоолор өзүнөн өзү басаңдагандан кийин консерваторлордун расизм боюнча көз карашы менен күрөшүүнү кайрадан күн тартибине чыгарууга ниеткер.

Президент болсо республикачы губернаторлор элди тезирээк тартипке келтирет деп ишенип турат. Бирок жабыр тарткан шаарлар менен демократ-саясатчылардын абалды жөнгө салууга жөндөмүнүн жоктугу республикачы штаттардын консолидациясын эле эмес, олку-солку болуп турган региондорду да Трампка ыктатып койду.

Ошол эле учурда оркоюп чыгып турган эки көйгөйгө эч ким көңүл бурган жок. Биринчиси — ашкере күч колдонууга ыктап турган америкалык укук коргоо органдарындагы системалуу расизм, экинчиси — кандай гана максат менен уюштурулган митинг болбосун, аны токтотуу зарылдыгы.

Бирок бул Американын колунан келбес иш болуп калды шекилдүү.

0
Белгилер:
Дональд Трамп, шайлоо, саясат, полиция, өлүм, акция, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Бизге ызы-чуунун кереги жок! АКШдагы кыргызстандыктар менен маек