Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, драматург Кайрат Иманалиев

Иманалиев: июнь айында театрлардын телефестивалы өтөт

34
(жаңыланган 12:50 18.05.2020)
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, драматург Кайрат Иманалиев Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата телефестиваль уюштурулуп жаткандыгын айтты.
Иманалиев: июнь айында театрлардын телефестивалы өтөт

Июнь айында республикадагы бардык драмалык театрлардын катышуусунда телефестиваль өтөт. Бул тууралуу Кайрат Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, иш-чара театрлардын өз сахнасында тартылып, телевидение аркылуу күн сайын бир учурда көрсөтүлүп турат.

"Июнь айына өлкөдөгү бардык драмалык театрлардын катышуусунда телефестиваль өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. COVID-19 вирусуна байланыштуу аларды борборго чакырып, бир жерге чогултуу опурталдуу. Андыктан театр жамааты чыгармасын өз сахнасында коюп, ал спектаклдер телеканалдар аркылуу элге тартууланат. Муну менен катар эле театр сынчылары, калыстар тобу да экран аркылуу баалап, талкуулашат. Спектаклдер бир убакытта мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлүп турарын болжолдоп жатабыз", — деди Иманалиев.

Ал телефестивалдын максаты театр ишин үзгүлтүккө учуратпай, элди тартуу экендигин кошумчалады.

34
Белгилер:
коронавирус, театр, Кайрат Иманалиев
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (107)
Тема боюнча
Орокчиев: көзү өтүп кеткендердин маегин угуп "бул тирүү экен" дегендер болгон
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев

Жолдошбаев: куткаруу иштери үчүн үч тик учакка тапшырык берилди

26
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев аталган мекеменин материалдык-техникалык базасын жаңыртуу аракеттери көрүлүп жатканын маалымдады.

ӨКМдин материалдык-техникалык базасы эскирип, өз кызматын эбак өтөп бүткөн. Аны жакшыртуу боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Алсак, куткаруу иштери үчүн Коопсуздук кеңешине үч тик учакка заказ берилди. Бул тууралуу Ырыспек Жолдошбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жолдошбаев: куткаруу иштери үчүн үч тик учакка тапшырык берилди

Анын айтымында, учурда куткаруу иштери үчүн бир дагы тик учак жок.

"Өзгөчө кырдаалдардын саны күн санап өскөнүнөн улам ӨКМдин материалдык-техникалык базасындагы кемчиликтери билинүүдө. Техника эскирип, өз кызматын эбак өтөп бүткөнү эч кимге жашыруун эмес. Учурда материалдык-техникалык базаны жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө. Алсак, 85 бирдик атайын инженердик оор техника кабыл алынды. Ошондой эле куткаруу иштерин жүргүзүү, куткаруучуларды жерине ыкчам жеткирүү үчүн ӨКМдин карамагында бир дагы тик учак жок. Бул маселени чечүү максатында Коопсуздук кеңешине үч тик учакка заказ берилди. Ошондой эле ӨКМге караштуу авиациялык ишкана бар. Анын ишин кайрадан карап чыгып, донорлор аркылуу учак сатып алуу аракеттери көрүлүүдө", — деди Жолдошбаев.

Ал келечекте ӨКМге 80 өрт өчүрүүчү техниканын келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.

26
Белгилер:
куткаруу, ӨКМ, учак
Тема боюнча
Ысык-Көлдөн кайсы шаарларга учуп кетсе болот? Тизме жана график
Пилатес жана антигравитациялык йога боюнча эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу Айсалкын Аманбек кызы

Аманбек кызы: йога-пилатес аркылуу коронавирустун алдын алса болот

43
(жаңыланган 10:52 23.06.2021)
Пилатес жана антигравити йога боюнча эл аралык даражадагы машыктыруучу Айсалкын Аманбек кызы йога-пилатес аркылуу коронавирустун алдын алса болорун айтты.

Тукумсуздук, омуртка оорулары менен жабыркагандар жана балалуу боло албаган келиндер йога-пилатестин артыкчылыктарын колдоно башташты. Мындай маалыматты Айсалкын Аманбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Аманбек кызы: йога-пилатес аркылуу коронавирустун алдын алса болот

Анын айтымында, йога ички булчуңдарды иштетип, аны чыңалдыра турган көнүгүүлөрдү камтыйт.

"Йога-пилатес менен алектенүүгө коронавирус менен ооруп айыккандан кийинки реабилитацияга көп адамдар келип жатышат. Анткени россиялык окумуштуулар коронавирусту инсульттан кийинки абалга окшоштурушууда. Себеби мээ жаракат алып, кээ бир мүчөлөр толук иштебей, жытты, даамды айырмалай албай калып жатышат. Буга байланыштуу нейрондук байланыштардын жардамы менен организмди калыбына келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасап, жыйынтыкка жетип жатабыз. COVID-19дан улам жакындарын жоготуп, стресске кабылган адамдар да бизге кайрылууда. Мындан тышкары, омуртка ооруларынан арылуу үчүн келип жатышат. Биз йога, пилатес, кинезиотерапия багыттарын бириктирип, өзүбүздүн автордук методикабызды иштеп чыкканбыз. Анда кан жүгүртүүгө эмес, лимфа системасына көбүрөөк көңүл бурулат. Анткени лимфа системасы жакшы иштесе көп оорулардын алдын алат. Алардын катарына коронавирусту кошсо болот. Тукумсуздук, омуртка оорулары менен жабыркагандар, балалуу боло албай жүргөндөр йога-пилатестин артыкчылыктарын колдоно башташты", — деди Аманбек кызы.

Ошондой эле адис йога-пилатестин жардамы менен ашыкча салмактан арылып, арыктоону каалагандар кайрыларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, пилатес — жаракаттан кийинки реабилитация үчүн физикалык көнүгүүлөрдүн системасы. Аны XX кылымдын башында германиялык спорт адиси Йозеф Пилатес негиздеген.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

43
Белгилер:
реабилитациялоо, йога
Тема боюнча
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги

Кышында жарыксыз калбайбызбы? Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы

0
(жаңыланган 17:33 23.06.2021)
Алдыдагы кышта Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы болору күтүлүп жатат. Sputnik өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынан кабардар кылуу максатында учурда иштеп, курулуп жана келечекте пландалып жаткан ГЭСтерди картадан көрсөтүп берди.
Кыргызстандагы ГЭСтер

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө жети ири ГЭС иштеп жатат. Алар: Токтогул (1200 МВт), Күрп-Сай (800 МВт), Таш-Көмүр (450 МВт), Шамалды-Сай (240 МВт), Үч-Коргон (180 МВт), Ат-Башы (40 МВт) жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты (120 МВт). Бардыгы кошулуп ушул тапта 3 030 МВт электр энергиясын берет.

Булардан тышкары, "Чакан ГЭС" ААКсына караштуу жалпы кубаттуулугу 38,5 мегаваттка барабар тогуз кичи ГЭС бар.

Ошол эле учурда эки ГЭСтин курулушу токтоп турат. Булар Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты.

Республика боюнча дагы тогуз ири гидроэлектр станциясын куруу пландалууда. Бирок каржы тартыштыгынан улам долбоорлор кагаз бетинде гана калып келет. Алардын бардыгы курула турган болсо өлкө 8 447,9 МВт электр энергиясын ала алат. Бул көрсөткүч азыркыга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көп.

Мындан тышкары, энергетиктер азыр иштеп жаткан суу сактагычтарга алты чакан ГЭС курууну көздөйт. Бул долбоорлор ишке ашса кошумча 94,5 МВт энергия алсак болот.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, буга чейинки жылдарда Кыргызстандагы ГЭСтер орто эсеп менен 15 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыкчу. Ушул эле көлөмдөгү (14-15 миллиард кВт саат) энергияны калк жыл ичинде сарптайт.

Эске салсак, Кыргызстанда кургакчылыктын кесепетинен Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн. Мындан улам алдыдагы кышта электр энергиясы тартыш болот деп боолголонуп жатат.

0
Белгилер:
суу, курулуш, Кыргызстан, энергетика, ГЭС
Тема боюнча
Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек