Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батыралиев: жүрөк ооруларынан жылына 18 миң киши көз жумат

© Sputnik / Табылды КадырбековМедицина илимдеринин доктору, профессор Талант Батыралиев
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Батыралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Батыралиев коронавирус өнөкөт оорусу бар адамдарга кооптуу экенин унутпай, аларга болгон камкордукту күчөтүү зарылдыгын айтты.
Батыралиев: жүрөк ооруларынан жылына 18 миң киши көз жумат

Кыргызстанда жүрөк оорусунан жылына 18 миңдей киши акка моюн сунат. Мындай көрсөткүч 3-4 жылдан бери азайбай койду. Бул тууралуу Талантбек Батыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавируска байланыштуу жаралган абалда өнөкөт оорусу барлар көз жаздымда калып кетпеши керек.

"Жылына өлкөдө 18 миң адам жүрөк ооруларынан көз жумат. Бул сан соңку жылдары азайбай эле келе жатат. Мындан сырткары, кант диабети жана башка өнөкөт оорусунан жабыркаган адамдар бар. COVID-19 биринчи кезекте мына ушул катмарга коркунучтуу. Андыктан коронавирус менен күрөшүү аракеттеринде бул инсандар унутулуп калбаш керек. Тескерисинче, аларга болгон камкордукту күчөтүү зарыл. Анткени бул катмарды калкалап кала албасак, вирус республикада жайылып, өлүм көбөйүп кетиши ыктымал", — деди Батыралиев.

Ал аялуу катмарды COVID-19дан коргоп калууда жалпы коомчулук жапа тырмак киришип, гигиенаны сактап, кайрымдуулукту, сый-урматты күчөтүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0