Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Римма Даниярова

Даниярова: аскерге чакырылгандар эки жума карантинге алынып, тест тапшырат

54
(жаңыланган 11:35 19.05.2020)
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Римма Даниярова аскерге жазгы чакыруу иштери кайрадан жанданганын айтты.
Даниярова: аскерге чакырылгандар эки жума карантинге алынып, тест тапшырат

Аскерге чакырылгандар коронавируска каршы тесттен өтүп, 14 күнгө карантинге алынышат. Ант берүү салтанатына аскерлердин туугандары жана жакындары катышпайт. Бул тууралуу Римма Даниярова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аскерге чакырыла тургандар буга чейин эле медициналык комиссиядан өткөн.

"Президенттин 12-майдагы Жарлыгына ылайык, 13-майдан тарта аскерге чакыруу кайрадан башталды. Жазгы чакыруу иштерин уюштуруу үчүн аскер комиссариаттары эпидемиологиялык-санитардык талаптарды сактоо менен күчөтүлгөн шартта иштешүүдө. Күн сайын имараттар жана комиссариаттардын айланасы дезинфекцияланып жатат. Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамынын арасында коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында аскер комиссариттарына өткөрмө пунктулар коюлуп, жарандардын келишине чектөө киргизилген. Аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү учурунда алар медициналык маскалар жана антисептиктер менен камсыз болушат. Кабыл алынган ар бир жоокер COVID-19ду аныктаган тесттен өтөт. Кызмат өтөө жайына келгенден кийин баары 14 күн карантинге алынат. Ант берүү боюнча салтанат туугандарынын жана жакындарынын катышуусуз өтөт", — деди Даниярова.

Ошондой эле ал кызматын өтөп бүткөндөр азыркы чакырылгандар барган соң бошотула турганын кошумчалады.

54
Белгилер:
Римма Даниярова, коронавирус, аскердик чакыруу, жарлык
Тема боюнча
Кыргызстанда жазгы мөөнөттөгү аскерге чакыруу жанданды
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архивное фото

Сазыков: автоматташтырылган система орнотпогон май куюучу жайлар жабылат

40
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков 1-июлга чейин май куюучу жайлар автоматташтырылган система орнотушу керектигин айтты.
Сазыков: автоматташтырылган система орнотпогон май куюучу жайлар жабылат

350гө жакын май куюучу жай автоматташтырылган системаны орнотту. Аны жасабагандары ишмердүүлүгүн токтотууга туура келет. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 900дөн ашык май куюучу жай бар.

"Май куюучу бекеттер башкаруунун автоматташырылган системасын колдонушу керек. Ага ылайык, кардар көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албаса, май куя албайт. Бул системаны киргизүү менен май куюучу жайлары салыктарын кандай төлөп жатканы көзөмөлгө алынат. Жөнөкөй жарандар чектеги атайын QR код аркылуу ишкананын салык төлөп-төлөбөгөнү тууралуу маалымат алат. Ал эми салык органы тийиштүү аналитикалык иштерди жүргүзөт. Анткени керектүү маалыматтар салык кызматынын базасына автоматтык түрдө келип түшөт. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкандарынын көпчүлүгү аппараттарды орнотушту. Белгилей кетүүчү жагдай, 1-июлга чейин автоматташтырылган системасы жок май куюучу жайлар ишмердүүлүгүн токтотушу керек болот", — деди Сазыков.

Ошондой эле ал автоматташтырылган системанын туура орнотулганын атайын мекемелер аралык комиссия текшере турганын кошумчалады.

40
Белгилер:
текшерүү, май куюучу бекет, салык, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова. Архивдик сүрөт

Кусеинова: баланы мектепке каттатууну создуктурбаш керек

34
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова электрондук каттоо жүргүзүлө турган аймактарда балдарды 1-класска киргизүү үчүн кандай документтер керектигин айтып берди.
Кусеинова: баланы мектепке каттатууну создуктурбаш керек

2020-2021-окуу жылына карата өлкөнүн алты шаарында мектептерге электрондук каттоо жүргүзүлүүдө. Документтерди тапшырууда кемчиликтер болсо, ата-энелер аны беш күндүн ичинде оңдошу керек. Болбосо ээлеген ордун жоготуп алышы толук ыктымал. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук каттоо Бишкек, Ош, Токмок, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Жалал-Абад шаарларында жүргүзүлөт.

"Балдарын каттатуу үчүн mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, каалаган мектепти тандашат. Ошондой эле аталган сайтта жайгашкан өтүнмөнү толтуруп, жашаган жеринен справканын, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жана ата-эненин паспортунун сканерин тиркешет. Документтерди мектеп директору текшерип, өтүнмө кабыл алынганын маалымдайт. Андан соң ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр тийиштүү документтерди мектепке 14 күндүн ичинде тапшыруусу зарыл. Ал жерде баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн паспортунун көчүрмөлөрү жана түп нускасы, баланын ден соолугунун абалы боюнча медициналык справка жана үч-төрт өлчөмүндөгү сүрөтү болуусу шарт. Эгерде документтер толук болбой же сапаты начар болуп калса, өтүнмө артка кайтарылат. Мындай учурда ата-энелер ошол эле сайттан беш күндүн ичинде кемчиликтерди оңдоосу зарыл. Белгиленген мөөнөткө чейин бул каталар оңдолбосо, окуучу ордун жоготуп коюшу ыктымал. Быйыл мектепке кабыл алуу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды. Мындан тышкары, документтердин бардыгын толуктап, сканерден сапаттуу өткөрүп тиркөө зарыл. Анан дагы ата-энелерди акыркы күнгө чейин жүрө бербей, азыртадан камылга көрүүгө чакырам", — деди Кусеинова.

Ошондой эле ал учурда жалпысынан 16 миң 406дан ашуун арыз түшүп, анын ичинен 6 миң 600дөн ашык бала документтерин тапшырып, 1-класска кабыл алынганын кошумчалады.

34
Белгилер:
каттоо, мектеп, окуучу, ата-эне
Тема боюнча
Балдарды 1-класска электрондук кабыл алуу жанданды
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо

Флойд толкуну: Канаданын премьери Жастин Трюдо да тизелеген видео

0
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Оттавада нааразылыкка чыккандардын маркум Жорж Флойдду тизелеп туруп эскерүү талабын аткарды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Ал видео RT телеканалынын Телеграм-каналына жарыяланды. 

Флойддун өлүмүнөн кийин чыккан толкундоо Канадага да жеткен. Оттавада парламенттин имаратынын алдына демонстранттар чыккан. Мурда полиция кызматкерлери тизелеген сыяктуу эле өкмөт башчы да алардын айтканын аткаргандан кийин жүрүшүн андан ары улашкан. Чогулгандар "Black lives matter!" деп кыйкырганда Трюдо башын ийкеген.

Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

0
Белгилер:
раса, Жорж Флойд, Жастин Трюдо, АКШ
Тема боюнча
АКШдагы толкундоолор: Ак үй нааразы болгондордон темир тор менен коргонду
Швецияны АКШдагы нааразылыктын толкуну каптады
АКШнын алдан тайышы: балдар полициядан коркуп жана жек көрүүнү үйрөнүп жатышат