Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукеева: үй-бүлөлүк дарыгерлер элге жакыныраак болушат

© SputnikҮй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана үй-бүлөлүк медайымдар ассоциациясынын административдик директору Сүйүмжан Мукеева
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана үй-бүлөлүк медайымдар ассоциациясынын административдик директору Сүйүмжан Мукеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана үй-бүлөлүк медайымдар ассоциациясынын административдик директору Сүйүмжан Мукеева өлкөдө дарыгерлердин жетишсиздиги абдан күч экенин айтты.
Мукеева: үй-бүлөлүк дарыгерлер элге жакыныраак болушат

Үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылгандардын 80 пайызга чукулу көйгөйүн чече алат. Анткени алар элге жакыныраак келишет. Бул тууралуу Сүйүмжан Мукеева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул система дарыгерлердин жетишсиздигин анчейин билдирбей келет.

"Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бейтаптар менен, эл менен байланышта иш алып барат. Ал жерден электен өтүп, андан кийин тийиштүү адистиктерге жиберилет. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылган учурлардын 80 пайызга чукулунда маселе жеринде чечилет. Анткени алар кардиолог жүрөктү, стоматолог тишти, кулак-мурун жана башка кууш адистиктерге окшоп, адамдын тийиштүү органын эле дарылабайт. Үй-бүлөлүк дарыгер бейтаптын айлана-чөйрөсүн, психологиялык абалын дагы эске алып, адамдын ден соолукка таасир этчү көйгөйлөрүн карайт. Маселен, айыл жергесинде бейтап фельдшерге кайрылат. Ал бир сыйра текшерип, абалга жараша ошол врачтарга багыттама берет. Албетте, бул абдан жоопкерчиликтүү кадам. Жаңылбай, илдетти туура аныктоо зарыл. Мындан улам үй-бүлөлүк дарыгерлердин жумушу абдан жоопкерчиликтүү", — деди Мукеева.

Ошондой эле ал учурда 6 миллион калкты 1500 үй-бүлөлүк дарыгер тейлеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0