Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азыгалиев: алтынды карап отура бербей, айыл чарбасын да өнүктүрүү зарыл

© Фото / Алишер АлиевКыргыз-түрк соода-өнөр жай палаталар форумунун төрагасы Нурлан Азыгалиев. Архив
Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палаталар форумунун төрагасы Нурлан Азыгалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палаталар форумунун төрагасы Нурлан Азыгалиев күтүлүп жаткан экономикалык кризистен чыгуу жолдору боюнча пикирин билдирди.
Азыгалиев: алтынды карап отура бербей, айыл чарбасын да өнүктүрүү зарыл

Кыргызстан жылдан-жылга алтынды көп экспорттоодо. 2018-жылы тогуз тонна, 2019-жылы 13 тонна алтын өлкөдөн чыгарылган. Алдыдагы кризистен чыгууда да ушул тармак республика казынасын толтурууга чоң көмөкчү болот. Мындай пикирин Нурлан Азыгалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, өлкөдө өнөр жай жана айыл чарба багыттарын колго алуу маселеси ачык бойдон калууда.

"2019-жылдын январь-сентябрь айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5 миллиард долларга жеткен. Ал эми импорт 3 миллард 650 миллион долларды чапчыса, бул аралыкта жасалган экспорт болгону 1 миллард 356 миллионду түзөт. Кыргызстанда айыл чарба багытында жакшы мүмкүнчүлүктөр болгону менен экспорттон көз каранды бойдон калууда. Алдыда коронавирустан соң күтүлүп жаткан экономикалык кризистен улам дүйнө элинин баарында азык-түлүк таңсыктыгы байкалат. Биздин өлкө мына ушундан пайдаланып, кыска убакытта бул багытты колго алуусу зарыл. Ошону менен катар эле өнөр жай тармагы да көңүл сыртында калып кетпеши керек. Албетте, алдыдагы кризистен дагы деле болсо бизди кен байлыктарыбыз сактап калат. Анткени алтынды казып сатуунун көлөмү жылдан-жылга көбөйүүдө. Бирок жогоруда атап кеткен эки багытты өнүктүрсөк өз элибизди эле эмес, алыс, жакынкы мамлекеттерди да сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүбүз бар", — деди Азыгалиев.

Ишкер Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон тарта үчүнчү мамлекетке экспорттун көлөмүн азайтканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0