Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова. Архивное фото

Алмамбетова: коомдук транспорт ар бир каттамдан кийин дезинфекцияланат

100
(жаңыланган 13:52 23.05.2020)
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова уруксат берилген тармактарда медициналык талаптардын аткарылышы дыкат текшерилип турарын айтты.
Алмамбетова: коомдук транспорт ар бир каттамдан кийин дезинфекцияланат

Борбор калаада 25-майдан тарта коомдук транспортту жүргүзүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Алар ар бир каттам аяктагандан кийин дезинфекция жүргүзүшү шарт. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мунун баары турмуш-тиричилик улануусу үчүн айла жоктон жасалууда.

"Өкмөттүн 244-буйругуна ылайык, 25-майдан тарта Бишкектеги базарлар ачылат. Мындан тышкары кафе, чайкана, тез тамактануучу жайларга медициналык талаптарды аткаруу менен иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берилет. Тактап айтканда, отургучтар 50дөн ашпай, аралыгы эки метр болушу зарыл. Ошондой эле музей, театр, айрым машыгуу залдары, бассейндер жана көргөзмөлөр өз ишин жандантса болот. Уруксат берилген ишмердүүлүктөр бет кап, кол кап режимин сөзсүз сактоосу зарыл. Учурда коомдук транспортту жүргүзүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Алар отуруучу орундарга гана жүргүнчү алышы шарт. Буга утурлай эле ар бир каттам аяктаган соң автобус, троллейбустарда дезинфекция жүргүзүлүшү керек", — деди Алмамбетова.

Ошондой эле ал талаптарды сактабаган ишкерлерге Эреже бузуу кодексинин 150 жана 239-беренелеринин негизинде айып салына турганын кошумчалады.

100
Белгилер:
карантин, коомдук транспорт, айдоочу, Гуля Алмамбетова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1464)
Тема боюнча
Аралык сакталсын! Милиция коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукту
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров

Кочкоров: жарандар бала асырап алууга онлайн арыз бере алат

52
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бала асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр порталы түзүлгөнүн айтты.
Кочкоров: жарандар бала асырап алууга онлайн арыз бере алат

Жарандар үйүндө отуруп алып, бала асыроого арыз бергенге мүмкүнчүлүк алды. Эми алар бюрократиялык кыйынчылыктарга туш болушпайт. Бул тууралуу Улукбек Кочкоров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, портал бала асырап алуудагы коррупциялык элементтерди токтотот.

"2020-жыл "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы" деп жарыяланган. Анын алкагында балдарды асырап алуу боюнча коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу тапшырмасы коюлган. Мына ушуну ишке ашыруу максатында бала асырап алуу процедурасы толугу менен автоматташтырылды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде атайын электрондук портал түзүлдү. Анда жарандар бала асырап алуу үчүн үйүнөн арыз бере алат. Арыз берилгенден кийин атайын пароль, логиндер ыйгарылып, асырап алуучу катары катталат. Натыйжада аларга өлкө боюнча багып алууга мумкүн болгон балдардын базасына кирүүгө жана көрүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Системага тапшырык берилгенден кийин жети сутка өткөн соң бала менен жолугууга уруксат болот. Башкача айтканда, бала асырап алуучулар кызмат көрсөткөндөрдүн бюрократиялык аракеттерине туш болбойт", — деди Кочкоров.

Министр ошондой эле портал балдардын коопсуздугун камсыздай ала турганын кошумчалады.

52
Белгилер:
коопсуздук, бюрократия, бала, Улукбек Кочкоров
Тема боюнча
Башкы прокуратура: зомбулукка кабылган балдар көбөйүп жатат
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу

Маткерим уулу: Түркиядан жүк ташуу үчүн мультимодалдык маршрут ачылды

42
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу өлкөгө мультимодалдык маршрут аркылуу жүк ташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
Маткерим уулу: Түркиядан жүк ташуу үчүн мультимодалдык маршрут ачылды

Түркиядан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Түркияга жүк ташуу үчүн мультимодалдык маршрутту жандандыруу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Талантбек Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мультимодалдык маршрут — бул темир жол, деңиз аркылуу жана автоунаа менен жүк ташуу.

"Кыргызстанга бир канча унаа каражаттары менен жүк ташуу маршрутун жандандыруу колго алынууда. Ага ылайык, Түркиядан темир жол менен жүктөлгөн жүк Грузиядан өтүп, Азербайжандан Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстанга чейин келет. Ал жактан поезд менен Өзбекстан аркылуу Ошко, ал жерден башка аймактарга автоунаа менен ташылат. Бул маршрут мурдатан эле бар болчу, бирок жүк ташуучулар тарабынан колдонулчу эмес. Анан пандемияга байланыштуу Казакстан аркылуу автоунаа менен жүк ташуу татаалдашты. Себеби айдоочулар обсервацияга жатып, ташылып жаткан жүк кармалып калып жатты. Ал эми темир жол аркылуу ташылган жүк адамдардын байланышын азайтат. Ошондой эле автоунаа менен жүк ташууга салыштырмалуу арзан түшөт. Анткени автоунаада товар чыгарылган жерден акыркы кардарга жеткенче логистикалык кызматтын да баасы кошулуп калат", — деди Маткерим уулу.

Ошондой эле ал аталган маршрут аркылуу Грузия, Азербайжан жана Түркмөнстан менен товар айлантууга ыңгайлуу боло турганын кошумчалады.

42
Белгилер:
логистикалык борбор, темир жол, жүк ташуучулар
Тема боюнча
Кыргызстан менен Түркиянын авиабайланышы качан жанданары айтылды
Мышык менен ойноп жаткан бөбөк. Архив

Бөбөгүн жоготкон бала милицияга айтып, алар эки жашар баланы эки саатта тапты

0
(жаңыланган 12:53 31.05.2020)
29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө инисин жоготуп алган бала кайрылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору Бишкектин Ак-Өргө кичи районунда жоголуп кеткен эки жашар баланы ата-энесине таап берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө инисин жоготуп алган бала (жашы айтылган эмес) кайрылган. Ал саат 13.30 чамасында эшиктин алдында ойноп турган инисин таппай калганын айткан.

"Эки сааттан кийин бөбөк ошол эле конуштагы Гагарин менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде табылып, ата-энесинин колуна тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан билдиришкендей, небересинин табылганына сүйүнгөн чоң эне инспекторлорго ыраазычылыгын айткан.

0
Белгилер:
издөө, бала, милиция, "Ак-Өргө" кичи району, Бишкек
Тема боюнча
Чүйдөн жоголгон өспүрүм кыздар Баткенден табылды