Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурматов: коронавирус күзүндө кайтып келиши ыктымал

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов коронавирустан улам дүрбөлөңгө түшпөө керектигин айтты.
Нурматов: коронавирус күзүндө кайтып келиши ыктымал

Коронавирус күзүндө кайтып келиши ыктымал, бирок муну угуп дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок. Анткени вирус ага чейин адамдын организмине ыңгайлашып, оору жеңил жүрүп калат. Мындай пикирин Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө COVID-19 аныкталган адамдар изилдөөгө алынууда.

“Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, адамдардын 20 пайыздан ашыгында оорунун симптомдору билинбей турганын маалымдаган. Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда аскер кызматкерлеринин 65 пайызы ооруп бүтүптүр. Алар бири дагы ооруканага же медиктерге жардам сурап кайрылган эмес. Кыргызстанда да вирус жугузгандарды талдап, изилдеп жатабыз. Бизде деле миңден ашуун адам ооруп, маалымат жетиштүү болуп калды да. Ошол анализдерге ылайык, улгайган адамдар, башка өнөкөт оорусу барларга вирус жукса, илдет оорураак өтүп жатат. Ал эми жаштардын арасында көпчүлүк учурда вирустун симптомдору билинбей жеңил өтүүдө. Мындан улам вирустун экинчи толкуну күздө кайтып келиши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. А чынында буга байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок. Коронавирус деле акырындык менен адамдын организмине ыңгайлашып, башка вирустар сыяктуу эле билинбей жүрүп калышы ыктымал”, — деди Нурматов.

Ошондой эле ал вирустун тарашына күндүн ысышы дагы оң таасирин тийгизе турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0