Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтогазы уулу: Орозо айтта карантиндин бардык эрежелерин сактоого чакырабыз

© Sputnik / Эркин СадыковКыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу быйылкы Орозо айт үй-бүлөлүк майрам катары белгиленерин айтты.
Токтогазы уулу: Орозо айтта карантиндин бардык эрежелерин сактоого чакырабыз

Өлкөдөгү абалга байланыштуу быйылкы Орозо айтты карантиндик эрежелерди толук сактоо менен ар ким өз үйүндө өткөрүүгө тийиш. Бул тууралуу Бактияр Токтогазы уулу  Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган майрамга байланыштуу расмий билдирүүсүндө муфтият да тартипти сактоого чакырат.

“ Биз жашап жаткан мамлекетибиздин мыйзамдарына баш ийишибиз керек. Ар бир адам өзүн коомчулукка зыян алып келбегидей шартта алып жүрүүсү зарыл. Андыктан “айт” деген сөз майрам дегенди түшүндүргөнүнө карабай, өлкөдөгү бардык майрамдар сыяктуу эле бул күндү да үй бүлө мүчөлөрү менен, эч жака чыкпай, конокко барбай, конок тоспой өткөрүү талапка ылайык. Бардык Орозо айт майрамын күтүп жаткан атуулдарды карантиндин эрежелерин сактоого чакырабыз”, — деди Токтогазы уулу.

Буга чейин да Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Максат Токтомушев ушундай маанайдагы чакыруу менен чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0