Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев

Алиев: 700 млн. сомдон ашкан байлыкты легалдаштырууга уруксат берилиши мүмкүн

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев 2019-жылга чейин көмүскө жолдор менен табылган каражаттарын же убагында салык төлөнбөй калган мүлктөрүн легалдаштырууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтты.
Алиев: 700 млн. сомдон ашкан байлыкты легалдаштырууга уруксат берилиши мүмкүн

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча, каалаган жарандар 700 миллион сомдон ашык каражатын же ошол каражатка алынган мүлктөрүн  700 миң сом мамлекетке төлөп, адалдаштырып алса болот. Мамлекет өз кезегинде катталган байлык кандай жолдор менен табылгандыгын купуя сактоого кепилдик берет жана андан ары ал адамдын каражаты эч бир тиешелүү орган тарабынан текшерүүгө алынбайт. Бул тууралуу Бекболот Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору чет элдик тажрыйбаларды эске алуу менен иштелип чыгып, парламентте биринчи окуудан өттү.

“Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, 2019-жылга чейин тапкан каражаттарын жарандар өздөрү келип легалдаштырып алса болот. 700 миллион сом же андан жогорку суммадагы байлыгы үчүн 700 миң сом өлкө казынасына төлөйт. Мыйзамдын максаты көмүскө экономиканы азайтуу. Мындай мыйзам көптөгөн өлкөлөрдө бар, айрымдарында ийгиликтүү иштеп жатса, кээ бирлеринде ишке ашпай келет. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен механизмдери иштелип чыкты. Учурда Жогорку Кеңештен биринчи окуудан өттү”, — деди Алиев.

Ал аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса жарактуу мөөнөтү алты айдан бир жылга чейинки убакытты гана өзүнө камтый тургандыгын кошумчалады.

Белгилер:
экономика, адалдоо, байлык, мыйзам
Тема боюнча
Кучумкулов: эми автоунааларды электрондук паспорттун көчүрмөсү менен каттайбыз
Данакер үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова. Архив

Батырбекова: агрессия организм стресс алганда пайда болот

(жаңыланган 13:15 18.04.2021)
Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова агрессиянын келип чыгуу себебин жана ден соолукка тийгизген таасири тууралуу айтты.

Агрессиянын ар кандай түрлөрү бар. Алар: коргонуу үчүн, ачуубуз келгенде, бирөөнүн жүрүм-турумуна таасир тийгизүү максатында көрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Нуриза Батырбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Батырбекова: агрессия организм стресс алганда пайда болот

Анын айтымында, биологиялык жактан алып караганда, агрессия организм стресс абалга кептелгенде пайда болот.

"Адамдарда агрессия көп учурда өзүн коргоо үчүн жаралат. Бул биздин генибизге сиңип калган, адам жаралгандан бери келе жаткан нерсе. Психологияда агрессиядан коргонуу үчүн "токто, качып кет, кол сал" деген түшүнүк бар. Адамдар негизинен агрессияга ушундай мамиле кылышат. Ал эми азыр акыл-эстүү коомдо жашап жаткандыктан көпчүлүк адамдар өзүн-өзү көзөмөлдөп калууга аракеттенишет. Агрессия пайда болгон учурда аны басып коюу социалдык жактан жакшы болгону менен адамдын эмоционалдык саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Андыктан аны чыгарып туруу зарыл. Бул үчүн спорт жакшы көмөкчү болуп берет. Адам кара күч жумшап көнүгүүлөрдү аткарганда же бир жумуш жасаганда маанайы көтөрүлүп, агрессивдүү абалдан чыгып кетет", — деди Батырбекова.

Психолог өжөрлүк да агрессияга кирерин айтып, бул анын жакшы жагы экенин кошумчалады.

Белгилер:
спорт, психология, адам, агрессия, Нуриза Батырбекова
Тема боюнча
Психолог: балага корккон нерсесин жомок аркылуу жеткирсе болот
Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив

Эшенгулов: Баткен шамалдуу жер, шаар дегенди түшүндүрөт

(жаңыланган 13:13 18.04.2021)
Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Баткен аталышынын келип чыккан тарыхын чечмеледи.

Баткен деген жер атынын маанисин түшүнүү үчүн анын аягына уланган "кен" мүчөсүнө көңүл бурушубуз керек. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эшенгулов: Баткен — шамалдуу жер, шаар дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, "кент" деген сөз байыркы түрк тилдеринде шаар, калктуу пункт дегенди түшүндүргөн.

"Кент термини азыркы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кавказ өлкөлөрүндөгү жер аталыштарында көп кездешет. Бул "шаар", "эл жашаган жер" дегенди түшүндүргөн байыркы түрк тилиндеги сөз. Кийинчерээк фарси тилине сиңип кеткен. Мисалы, Ташкент, Самарканд, Газалкент, Паркент, Пишкент деген жер аталыштары бар. Мунун баары тарыхта мурда шаар аталган жерлер болгонун билдирет. Ал эми Баткенди ала турган болсок, тажикче шамалды "бот, вот" деп аташат. Ага "кент" мүчөсү тилге ылайыкташып "кен" болуп уланып, Баткен деген жер аты келип чыгууда. Демек, бул "шамалдуу шаар", "калк жашаган шамалдуу аймак" дегенди түшүндүрөт", — деди Эшенгулов.

Топонимист Баткен облусунда шамал башка аймактарга караганда катуу согору илимде да аныкталгандыгын кошумчалады.

Белгилер:
илим, аталыш, Баткен, Темиркул Эшенгулов
Тема боюнча
Топонимист: Кулун көлү өлкөдөгү тоодо жайгашкан көлдөрдүн эң чоңу
Төөлөр. Архив

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулду. Сүрөт

Мындай жол чырак азырынча дүйнөнүн бир да жеринде жок экени айтылды. Ал Кытайдын туристтер көп барган шаарына коюлган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.

​Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.

"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.

Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.

Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.

Белгилер:
турист, жол чырак, төө, Кытай
Тема боюнча
Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта