Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абакиров: мүлктү адалдоого багытталган мыйзам ишке ашпайт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭкономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзам туура эмес жол менен байыгандарга ылайыкташкан деген пикирин билдирди.
Абакиров: мүлктү адалдоого багытталган мыйзам ишке ашпайт

Өлкөдө көмүскө экономика тамырлашып кеткен. Мындан улам мыйзамсыз жол менен табылган байлыктарын легалдаштыруу боюнча жаңы кабыл алына турган мыйзам ишке ашпайт. Мындай пикирин Элдар Абакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жашыруун мүлктөрүн, капиталын ачыктоону каалагандар саналуу эле болот.

“Капиталды амнистиялоо же болбосо мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору ишке ашпайт. Анткени анын баарын көзөмөл кылган система жок. Эгерде “жакынкы күндөрү жалпы декларациялоо жүргүзүлөт. Анын алкагында экономика тармагы санариптештирилип, жарандардын бардыгы текшерилет” деген коркунуч турса, кандайдыр бир натыйжа бермек. Анда айрымдар жашыруун байлыгын адалдаштырууга умтулмак. Ал эми азыр эч кандай кооптоно турган жагдай байкалбайт. Мындан тышкары, өлкөдө көмүскө экономиканын үлүшү 40-50 пайызды түзөт. Буга бир нече объективдүү жана субъективдүү себептер бар. Бир топ ишкана көмүскө иш алып барууда өзүн ыңгайлуу эле сезип жатат. Алардын кожоюндары коомчулукка капиталын ачыктоону каалабайт”, — деди Абакиров. 

Ошондой эле ал бул мыйзам иштеп кетүүсү үчүн Салык кодекси түшүнүктүү жана жеңил болушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0