Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакеев: айрым китепканалар окурмандарды соцтармактар аркылуу тейледи

© Sputnik / Асель АкматалиеваМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев райондордо китепканаларды санариптештирүүгө мүмкүнчүлүктөр чектелүү экендигин айтты.
Бакеев: айрым китепканалар окурмандарды соцтармактар аркылуу тейледи

Карантин учурунда аймактардагы кээ бир китепканалар техникалык мүмкүнчүлүктүн жоктугуна карабастан, социалдык тармактар аркылуу кызмат көрсөтүштү. Бул тууралуу Ринат Бакеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 1065 китепкана бар.

"Облустук, шаардык, райондук жана айылдык китепканаларда жалпы эки миңден ашуун китепканачы эмгектенет. Мезгилге жараша китепканалардын фондунда турган китеп, журнал, библиографиялык очерктер жана гезиттер электрондоштурулууда. Азыркы күндө жалпы 56 миң 500 китеп санарипке өткөрүлдү. Бул иш токтоп калбай жүргүзүлүүдө. Карантин учурунда китепканалар көптөгөн иштерди онлайн уюштурду. Мисал катары Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чараларды атоого болот. Ошондой эле окурмандарга аралыктан кызмат көрсөтүлдү. Кээ бир аймактардагы китепканалар техникалык мүмкүнчүлүктүн жоктугуна карбастан, социалдык тармактар аркылуу окурмандарды тейлешти. Мисалы, Бишкек шаары боюнча 800дөн ашуун окурман онлайн-режимде тейленди. Мындан тышкары, 2000ден ашык электрондук китеп окурмандарга берилди", — деди Бакеев.

Ошондой эле ал республикалык, облустук, райондук китепканачылардын орточо айлыгы болгону 7000 сом, ал эми айылдык китепканачылардын орточо айлыгы 4-5 миң сомдун тегерегинде экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0