Генералдык штабдын экс-начальниги, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев. Архивдик сүрөт

Алымкожоев: наамы барлар эми генерал болууну көздөөдө

199
Генералдык штабдын экс-начальниги, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев атайын класстык чиндери барларга аскердик наам ыйгаруу боюнча мыйзам долбоорунун кажети жок экенин айтты.
Алымкожоев: наамы барлар эми генерал болууну көздөөдө

Аскердик жогорку кызматтарда аталган тармакта жетиштүү тажрыйба топтогондор гана кызмат өтөшү керек. Мындай пикирин Асанбек Алымкожоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору аскер кызматынын кадырына шек келтирүүсү ыктымал.

"Атайын наамдары жана класстык чиндери бар күч түзүмдөрүндө эмгектенген кызматкерлерди аскердик кызматка пайдаланууда же аскерге чакырууда алардын наамына жана класстык чинине төп келген аскердик наамды кайра аттестациялоо тартибинде ыйгаруу боюнча мыйзам долбооруна каршымын. Себеби ар бир кесиптин өзгөчөлүктөрү бар. Аскер кызматкери болуш үчүн аралыктан же тыштан окутулбайт. Аскер кызматкери билим алгандан кийин тийиштүү тажрыйба топтоп, ошого жараша чин алат. Мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн күч түзүмдөрүндө иштегендер взводдун же ротанын командири болуп келгенин ушуга чейин уга элекмин. Алар чоң даражадагы кызматтарга келүүнү көздөшөт. Буга ошол эле депутаттар же атайын наамдары бар жогорку кызматтагылар кызыкдар болуп жатышат. Алардын байлыгы, даражасы бар. Эми генерал болууну көздөшүүдө", — деди Алымкожоев.

Ошондой эле ал аскердик жогорку кызматтарда кадрдык жетишсиздик жок экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар тобу тарабынан укук коргоо, прокуратура органдарында кызмат өтөп жаткан же өтөгөн, офицердик курамдын кызматтарын пайдалануу үчүн аскердик кызматка чакырууда атайын наамдары жана класстык чиндери барларга даражасына төп келген аскердик наамды кайра аттестациялоо тартибинде ыйгаруу сунушталган.

199
Белгилер:
Аскер, наам, аскердик кызматташуу, Асанбек Алымкожоев
Тема боюнча
Даниярова: аскерге чакырылгандар эки жума карантинге алынып, тест тапшырат
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов. Архив

Ибрагимов: бүтүрүүчүлөрдүн 10-15%ы дароо эмгек миграциясына кетүүдө

33
(жаңыланган 12:37 13.06.2021)
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов орто мектепти бүтүргөн окуучулардын 10-15 пайызы чет жакка иштөөгө аттанарын айтты.

Ата-энелердин көпчүлүгү эле балдарынын жогорку билим алуусуна умтулат. Эгер юрист же экономист тууганы болсо, өз перзентин да ошол кесипти аркалоого үндөшөт. Ошол эле учурда баланын кызыгуусун көп деле эске ала беришпейт. Бул тууралуу Бектур Ибрагимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ибрагимов: бүтүрүүчүлөрдүн 10-15%ы дароо эмгек миграциясына кетүүдө

Анын айтымында, эмгек миграциясына чыгардан мурда кесиптик окууларды бүтүрүп алуу маданиятын жайылтуу зарыл.

"Өлкөдө соңку жылдары кесиптик билим берүү бир аз колго алына баштады. Ошого карабай балдарынын жогорку билим алуусуна тырышкан ата-энелер көп. Алар бүтүрүүчүнүн ой-кыялдарына көп учурда көңүл деле бурушпайт. Жыйынтыгында бала окууну аягына чыгарбай таштап коет же башка факультеттерге которулуп кетет. Ошондуктан башынан эле бала менен сүйлөшүп, тескерисинче, аны кайсы бир кесиптин ээси болуп алууга үндөө керек. Өзгөчө азыр көп талап кылынган фермер, тигүүчү, ширетүүчү, крановщик, ашпозчу, куруучу жана башка ушул сыяктуу. Бул кесиптер чет мамлекетке чыкса да жумуш таап кетишине көмөкчү боло алат. Андан кийин эгер баланын каалоосу болсо, жогорку билим алса болот", — деди Ибрагимов.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

33
Белгилер:
Бектур Ибрагимов, кеңеш, тандоо, кесип, бүтүрүүчү
Тема боюнча
Мурзаев: адам максатты туура кое билсе өнүгөт
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров. Архив

Алиаскаров: былтыр ЕАЭБге 3 158 тонна балык экспорттолду

33
(жаңыланган 12:31 13.06.2021)
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров Кыргызстандан балык эң көп көлөмдө ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатыларын айтты.

Кыргызстандын климаты балык өндүрүүгө абдан ыңгайлуу келгендиктен бул багытта соңку жылдары жакшы өзгөрүүлөр бар. Атап айтсак, акыркы 17 жылдын ичинде эле өндүрүштүн көлөмү 50 тоннандан 5 140 тоннага жетти. Башкача айтканда, 100 пайыздан көбүрөк өлчөмгө өстү. Бул тууралуу Маил Алиаскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Алиаскаров: былтыр ЕАЭБге 3 158 тонна балык экспорттолду

Анын айтымында, өлкөдө көбүнесе кубулма (радужная форель — ред.) форель балыктары өстүрүлөт.

"2020-жылы Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө 3 158 тонна балык экспорттоду. Басымдуу бөлүгү Россия жана Казакстанга кетти. Ошондой эле 400 килограммды Араб Эмирлигине жибердик. Бизде көбүнесе кубулма балыгы өстүрүлгөндүктөн, алардын ар бир даанасынын наркы 300 сомдон кем болбойт. Ошондуктан былтыр жалпы суммасы 11 миллион 278 миң 571 долларга балык саттык. ЕАЭБ өлкөлөрүнө мындан да көп көлөмдө экспорттоого мүмкүнчүлүк бар", — деди Алиаскаров.

Ал Литвага да көп эмес көлөмдө Кыргызстандан балык чыгарылып турарын кошумчалады.

33
Белгилер:
экспорт, Евразиялык экономикалык биримдик, балык, Маил Алиаскаров
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Алиаскаров: Кыргызстан балык өстүрүүгө ыңгайлуу өлкө
Шарап. Архив

Ашказанды бузат. Шарапты кайсы тамактар менен аралаштырбоо керектиги айтылды

0
Дарыгер ичимдик менен айрым тамактарды кошо ичүү гастрит, ашказан жарасы жана панкреатит ооруларын күчөтөрүн билдирди.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шарап менен эмнелерди аралаштырып жесе болбой турганын РИА Новостиге гастроэнтеролог Анна Денисова айтып берди.

Адис шарап сыяктуу алкоголдук ичимдик менен майлуу жана ачуу тамактарды колдонуунун зыянын эскертти.

"Куйрук май, колбаса, семга, скумбрия, маринаддалган жашылча, суши жегенде колдонгон васаби татымалын шарап менен аралаштырган болбойт. Бөтөнчө гастрити же ашказанында жарасы барлардын оорусу күчөп кетиши мүмкүн. Ичимдик менен майлуу тамак ашказанга түшкөндө панкреатит да катуу кармайт. Мындайда бейтап ооруканага түшүп, операциялык жол менен дарыланышы мүмкүн", — деген дарыгер.

Мындан тышкары, гастроэнтеролог күнүнө бир-эки гана бокал шарап ичүүнү сунуштап, көп ичүү ден соолукка зыян экенин кошумчалаган.

Ошондой эле ичимдиктин өзүн эле ичүү да кооптуу экенин билдирген.

0
Белгилер:
ден соолук, ашказан, шарап
Тема боюнча
Кофеиндүү суусундуктар менен алкоголду чогуу ичүү жүрөк ыргагын бузат