Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Уезбаев: вирустан коргонуу үчүн кол кап кийген туура эмес

© Sputnik / Эркин СадыковРеспубликалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев вирустан коргонуу үчүн ысыкта кол кап кийгенде кол тердеп, жумшарып, теринин сырткы катмары микробдон коргобой каларын айтты.
Уезбаев: вирустан коргонуу үчүн кол кап кийген туура эмес

Бейтаптардын 80 пайызы COVID-19 менен симптому жок ооруп жатат. Ошондуктан эл арасында инфекцияны алып жүргөнүн билбеген адамдар болушу ыктымал. Өзү оорубаганы менен ал адам башкаларга жуктурушу толук мүмкүн. Андыктан мындай учурда ар бир адам коомдук жайларда, эл чогулган жерлерде, ишканада бет кап тагынуусу зарыл болуп эсептелет. Бул тууралуу Сагынбек Уезбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, карантин маалында көчөгө жеңи, багалеги узунураак кийим кийип, эл көп жерде маска тагынып, адамдардан бир жарым метр алыс туруп, аралыкты сактоо керек.

"Негизи медициналык бет каптарды медкызматкерлер, бейтапты карап жаткан киши жана ооруп жаткан адам башкаларга жуктурбоо максатында тагынат. Ал эми коргонуу үчүн мүмкүнчүлүк болсо респиратордук маскаларды тагынган оң. Азыр коомдук транспорттор, соода борборлору жана башка тармактар ишке кирди. Мыйзам боюнча ар бир жаран өзүнүн ден соолугуна кам көрүүгө жана башкалардан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону талап кылууга укугу бар. Ошондуктан биз коомдук жайларда адамдардан маска тагынууну талап кыла алабыз. Ал эми вирустан коргонуу үчүн ысыкта кол кап тагынуунун зарылчылыгы жок. Себеби кол тердеп, нымдалышып, жумшарып, тескерисинче, теринин сырткы катмары микроб, вирустан коргой албай калат. Андан көрө көчөдө жүргөндө колду антисептикалык каражаттар менен тазалап туруу натыйжалуураак. Эскерте кетчү нерсе, бул суюктукта спирттин концентрациясы 70 пайыздан кем болбошу керек. Ошондой эле карантин маалында көчөгө жеңи, багалеги узунураак кийим кийип чыккан туура", — деди Уезбаев.

Ал сырттан келгенде кийимдерди күнгө жайып, дененин ачык жерлерин самындан жууп коюу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0