Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абжапарова: 6% менен каалагандарга ипотека берчү компания түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова аталган мекеменин алдында дагы бир ипотекалык ишкана түзүлгөндүгүн айтты.
Абжапарова: 6% менен каалагандарга ипотека берчү компания түзүлдү

"Ак-Босого" турак жай сактык, кредиттик компаниясы аркылуу каалаган жарандардын бардыгы эч кандай чектөөлөрсүз ипотека ала алат. Бул тууралуу Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган компаниянын максаты кыргызстандыктарды турак жай менен камсыз кылууда жеткиликтүү шарттар менен камсыздоо.

"Ак-Босого" турак жай сактык, кредиттик ишканасынын Мамлекеттик ипотекалык компаниядан айырмачылыгы арбын. МИК жалаң гана бюджеттик кызматта иштеген адамдарга ыңгайлашкан болсо, жаңы түзүлүп жаткан ишканадан каалоочулардын бардыгы кредит ала алат. Ошондой эле ипотека алып жаткан адамдын үйүнүн бар-жогу да каралбайт. Мисалы, кардар 1 миллион сомдук үй алгысы келсе, алгач үч жыл бою "Ак-Босого" компаниясынын сактык куржунунун топтомо бөлүгүнө өз каражатын чогултушу керек. Албетте, ар кимдин финансылык мүмкүнчүлүгүнө карап, бирдиктүү суммага бөлүнөт. Кардар үч жыл бою ай сайын белгиленген акчаны компанияга которуп турат. Мөөнөтү бүткөн соң башында келишимде айтылгандай, 1 миллион сомдук тамды сатып алат. Жетпеген каражатты "Ак-Босого" турак жай сактык, кредиттик компаниясы алты пайыз менен сегиз жылга берет. Кардар өзү чогулткан акчасы менен келип кредит ала албайт. Милдеттүү түрдө 3-4 жылга аталган компанияда акчасын чогултушу керек", — деди Абжапарова.

Ал жаңы түзүлүп жаткан ипотекалык компаниянын кызматынан чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандыктар да пайдалана ала тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0