Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адылова: 30-майда өтчү Акыркы коңгуроону милиция көзөмөлдөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын координациялоо жана алдын алуу башкармалыгынын жашы жете электердин иши боюнча бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова. Архив
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын координациялоо жана алдын алуу башкармалыгынын жашы жете электердин иши боюнча бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын координациялоо жана алдын алуу башкармалыгынын жашы жете электердин иши боюнча бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова 30-майда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштээрин айтты.
Адылова: 30-майда өтчү Акыркы коңгуроону милиция көзөмөлдөйт

30-майда республика боюнча Акыркы коңгуроо салтанаты онлайн түрдө белгиленерин Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Ушуга байланыштуу күч түзүмдөрү да өздөрүнүн тиешелүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу Нуржан Адылова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, атайын чыгарылган буйруктун негизинде милиция кызматкерлери окуучулардын жаратылышка эс алууга чыгуусуна жана башка чогулууларына жол бербөө үчүн көз салып турат.

"Быйыл Акыркы коңгуроо салтанаты онлайн өтө турган болду. Биз ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр муну түшүнүү менен кабыл аларына ишенебиз. Ошентсе да 30-майда биздин кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштейт. Алар атайын буйруктун негизинде тартипке көз салып турушат. Эгер Республикалык штаб, Билим берүү жана илим министрлигинин эскертүүлөрүнө карабай кече өткөрүү үчүн чогулган окуучулар же мектепти бүтүргөндүгүнүн юбилейлик датасын белгилеп жүргөн адамдар тобу болсо, милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, айып салынат", — деди Адылова.

Ал ата-энелерди ушул күнү балдарына көз салып турууга, коомдук тартипти сактоого өз салымдарын кошууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0