Түркиядан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Түркияга жүк ташуу үчүн мультимодалдык маршрутту жандандыруу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Талантбек Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мультимодалдык маршрут — бул темир жол, деңиз аркылуу жана автоунаа менен жүк ташуу.
"Кыргызстанга бир канча унаа каражаттары менен жүк ташуу маршрутун жандандыруу колго алынууда. Ага ылайык, Түркиядан темир жол менен жүктөлгөн жүк Грузиядан өтүп, Азербайжандан Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстанга чейин келет. Ал жактан поезд менен Өзбекстан аркылуу Ошко, ал жерден башка аймактарга автоунаа менен ташылат. Бул маршрут мурдатан эле бар болчу, бирок жүк ташуучулар тарабынан колдонулчу эмес. Анан пандемияга байланыштуу Казакстан аркылуу автоунаа менен жүк ташуу татаалдашты. Себеби айдоочулар обсервацияга жатып, ташылып жаткан жүк кармалып калып жатты. Ал эми темир жол аркылуу ташылган жүк адамдардын байланышын азайтат. Ошондой эле автоунаа менен жүк ташууга салыштырмалуу арзан түшөт. Анткени автоунаада товар чыгарылган жерден акыркы кардарга жеткенче логистикалык кызматтын да баасы кошулуп калат", — деди Маткерим уулу.
Ошондой эле ал аталган маршрут аркылуу Грузия, Азербайжан жана Түркмөнстан менен товар айлантууга ыңгайлуу боло турганын кошумчалады.
Салык төлөөдөгү, декларация толтуруудагы электрондук кызматтарды онлайн колдонуу ыңгайлуу жана акысыз. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл жеке жактар салык декларациясын 2019-2020-жылдарга тапшырат.
"Азыркы убакта 230 миңден ашык салык төлөөчү электрондук форматка өткөн. Бул жарандардын өзү үчүн эле ыңгайлуу болот. Биринчиден, убактысы үнөмдөлөт жана 24 саат ичинде өзү каалаган учурда кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, азыркы эпидемиологиялык абалда коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле бул таптакыр акысыз көрсөтүлүүчү кызмат. Анан да анда электрондук эсептегичтер болуп, программа өзү жардам берет. Электрондук кызматтардан колдонуу үчүн болгону бир ирет тиешелүү мекемеге келип, логин алып, сыр сөзүн бекитип, https://salyk.kg/ сайтынан жеке кабинетке ээ болот", — деди Сазыков.
Ал жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында зер буюмдардын экспертизасынын жыйынтыгын эки тараптуу таануу колго алынууда. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кабыл алынган чечимдер зер буюмдардын рыногун өнүктүрүүгө шарт түзөт.
"Бизде асыл таштар үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолуп келет. Натыйжада зер буюмдардын наркы кымбатка түшүп, атаандаштыкка туруштук берүү оор болуп жаткан. Мындан улам зергерлер бирикмелери тарабынан бул багытта иш жүрүп, асыл таштарды алып кирүүдө бажы төлөмүнөн бошотулду. Бул зер буюмдарга баанын арзандашына, кошумча жумуш ордун түзүүгө, көбүрөөк салык төлөөгө өбөлгө болот. Мындан тышкары, Кыргызстанда жасалган зер буюмдардын үлгүсүнөн экспертизасы ЕАЭБдин алкагында таанылбай келген. Жыйынтыгында ал өлкөлөрдө сатуу үчүн кайрадан экспертиза талап кылынчу. Эми улуттук экспертиза ЕАЭБге мүчө болгон бардык мамлекеттерде таанылып, кабыл алына баштайт", — деди Акматов.
Ишкер мамлекет тарабынан шарт түзүлүп берилсе бизнес өнүгө аларын кошумчалады.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукканда коңшулар эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин белгилешти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Күн тартибиндеги эки тараптуу артыкчылык берилген багыттар, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланган.
"Михаил Мишустин эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин айтты. Россия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнөн экенин, пандемиянын кесепетинен улам төмөндөп кеткен соода байланыштардын мурдагы деңгээлин биргелешкен аракеттер менен калыбына келтирүүгө болорун билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары, учурда өкмөт аркылуу коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, бул Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи.
Аны менен сүйлөшүп жатып Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантуу жөнүндө келишимге кол коюлгандыгын билдирген.
Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам түрүндө көрсөткөн колдоосу үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылыгын айткан.
"Кыргызстан менен Россияны маданий, тарыхый жалпылыктар гана эмес, ошондой эле жаңы саясий, соода-экономикалык алакалар байланыштырып турат. Буга байланыштуу эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтулушубуз керек", — деген президент.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар, айрыкча, соода-экономикалык кызматташтык деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин билдиришкен.