Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатаев: аудиторияны сактап калуу үчүн телеканалдар жаңы форматка өтүшү керек

© Sputnik / Эркин СадыковМедиасерепчи Өмүрбек Сатаев. Архив
Медиасерепчи Өмүрбек Сатаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиасерепчи Өмүрбек Сатаев интернет тармагы өнүккөн убакта телевидение жаңы форматка өтүп, өзүнүн аудиториясын сактап кала аларын айтты.
Сатаев: аудиторияны сактап калуу үчүн телеканалдар жаңы форматка өтүшү керек

2019-жылы “М-Вектор” компаниясы Кыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча  социалдык сурамжылоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында 70 пайыз аудитория маалыматты телевидениеден алары белгилүү болгон. Бирок бул көрсөткүч деле убакыт өткөн сайын өзгөрүп баратат. Бул тууралуу Өмүрбек Сатаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын чоң шаарларында эл интернетке толугу менен өтүп кетти.

“Азыр конвергенттик ЖМК актуалдуу. Бирок айрым телеканалдар финансы жагынан аксап жаткандыктан, мындай техникалык жабдыктарсыз ишмердүүлүгү чектелип калууда. Бул көрүнүш бара-бара өзүнүн аудиториясын жоготууга алып келет. Анын үстүнө Бишкек сыяктуу чоң шаарларда эл, өзгөчө жаштар интернетке толугу менен өтүп кеткен. Балким 40тан ашкан адамдар мурдагыдай эле телевизор көрүшөттүр, бирок бул курактагылар деле акырындан социалдык тармактарга ооп баратат. Ошентсе да телевидение жаңы форматка өтсө, өзүнүн аудиториясын сактап кала алат деп ойлойм. Аудитория талап кылууда деп жеңил-желпи көрсөтүүлөрдү даярдабай, телевидение элди өз артынан эрчитүү күчү бар экендигин унутпашы керек. Кыргыз телеканалдарынын учурда илимий, руханий программаларды берүү менен көрүүчүлөрүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү кенен. Чынында коронавирус инфекциясы көп тармактын кемчиликтерин ачыкка чыгарып  койду. Мындай пандемия кайталанбай эле койсун, бирок ушундай абалга дайым даяр турушубуз керек", — деди Сатаев.

Ал телевидене аркылуу өтүлүп жаткан онлайн-сабактар эски форматта тартылып жаткандыгын  кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0