Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дамир уулу: 2020-жылга божомолдогон кирешенин 80 пайызынан кол жууйбуз

© Sputnik / Табылды КадырбековТуризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу. Архив
Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу коронавирустан улам Кыргызстандагы аталган тармак кандай өзгөрүүлөргө дуушар болорун айтты.
Дамир уулу: 2020-жылга божомолдогон кирешенин 80 пайызынан кол жууйбуз

2020-жылда туризм багытындагы экспорттун көлөмүн 700 миллион долларга жеткирүүнү пландадык эле. Тилекке каршы, пандемиядан улам анын 80 пайызы ишке ашпай кала турган болду. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы аталган багыттагы кызмат көрсөтүүдөн 613 миллион доллар түшкөн.

"Кыргызстан туризм тармагы өсүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирип калган. Дүйнөдөгү белгилүү басылмалар көңүл буруп, нукура табиятты баалаган туристтердин кызыгуусун арттырган мамлекеттердин катарында жылдан-жылга эс алуучуларды тартуу мүмкүнчүлүгү жогорулап бараткан. Мисалы, 2019-жылы туристтик кызматтарды экспорттоодон 613 миллион доллар түшкөн. Мунун негизинде биз 2020-жылы аталган сумманы 700 миллион долларга жеткирүүнү пландап койдук эле. Тилекке каршы, коронавирус пандемиясынан улам бул максаттарыбыз 80 пайызга чейин ишке ашпай калуу алдында турат. Аба каттамдары жанданып, жолдор ачылган күндө да адамдар вирусту жуктуруп алуудан чочулап саякаттоосун белгисиз бир мөөнөткө жылдырып жатышат. Туристтердин арасындагы мындай психологиялык барьер канча убакытка созуларын азыр эч ким айта албайт", — деди Дамир уулу.

Аткаминер коронавирустан улам Кыргызстан "коопсуз эс алууга ылайыкташкан өлкө", " табият койнунда вирус жуктуруп алуу коркунучу жок эс ал" деген сыяктуу слогандарды иштеп чыгып, ошонун негизинде туристтерди тартуу идеялары каралып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0