Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаанбаева: Жети-Өгүздө балдар үйүнүн ордуна фостердик үй-бүлөлөр иштөөдө

© Фото / Айзирек НурланбековаЖети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева
Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева аталган райондо учурда алты фостердик үй-бүлө бар экендигин айтты.
Жаанбаева: Жети-Өгүздө балдар үйүнүн ордуна фостердик үй-бүлөлөр иштөөдө

Учурда район боюнча оор кырдаалга кабылган 11 бала алты фостердик ата-эненин колунда тарбияланып жатат. Жалпысынан 17 үй-бүлөнү окутуп, даярдыктан өткөрүп алганбыз. Бул тууралуу Гүлбара Жаанбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдан бери Жети-Өгүз районунда 40тан ашуун бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланып чыкты.

"Фостердик үй-бүлө менен балдар үйүнүн айырмасы абдан чоң. Фостердик үй-бүлө же балдарды асырап алган ата-энелерде тарбияланган жеткинчектер кадимки үй шартында, ошол үй-бүлө мүчөсү болуп өсүп жетилет. Үй турмушунда жасалчу иштерди ата-энеси менен биргеликте аткарат. Муну менен жер иштетүү, мал багуу, кыздар ашкана жумуштарын өз алдынча аткарууга даяр болуп чыгышат. Учурда өкмөт дагы балдар үйлөрүн азайтып, фостердик үй-бүлөлөрдү көбөйтүү тапшырмасын койгон. Биз бул багытта жакшы ийгиликтерге жетиштик. 17 үй-бүлөнү атайын окуудан өткөрүп даярдап алганбыз. Алардын алтоондо азыр 11 бала тарбияланып жатат. Жамандык болбой эле койсун, бирок турмуштун оор кырдаалына туш болгон балдар кезиксе биздин район өзүн-өзү камсыздап кете алат", — деди Жаанбаева.

Ал фостердик үй-бүлө болууну каалагандар үчүн атайын критерийлер бар экендигин жана кабыл алынган бала 18 жашка толгончо тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлгө алынып турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0