Электрондук эсеп-фактуралар, товарларды онлайн идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жана май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы 1-июлдан тартып ишке киргизилет. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу үчүн аралыктан тейлене алат.
"Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында тийиштүү долбоорлор киргизилүүдө. 2019-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча сынамык долбоор иштеп баштайт. Учурда ага катышкан үч миңдей компания өзүнүн сунуштарын берүүдө. Бүгүнкү күндө ар бир салык төлөөчү бул система менен туура колдонуусу үчүн аталган компаниялар менен тийиштүү жолугушуулар ар жума сайын жүргүзүлүүдө. 1-июлдан тарта электрондук эсеп-фактураны кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товар импорттоочулар жана экспорттоочулар милдеттүү түрдө колдонууга тийиш. Республикада КНС төлөөчүлөр 10 миңге чукул. Ал эми товарларды экспорт, импорт кылган компаниялар төрт миңге жакын", — деди Сазыков.
Ошондой эле ал салык жол-жоболорун фискалдаштырууга жетишпей калган компанияларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турганын кошумчалады.
Балдар арасында церебралдык шал, талма жана бала эненин курсагындагы кезинде же төрөлүп жатканда алган жаракатынан улам баш мээнин жабыркашы эң негизги көйгөй. Нерв ооруларынын пайда болушунун себептери баланын тубаса кемтик менен төрөлүшү, аны шарттаган тукум кууган оорулар, ата-эненин ден соолугу, жашоо образы, эненин канынын аздыгы себеп болот. Бул тууралуу Нурмухамед Бабажанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, полиомиелитке каршы балдарды массалык түрдө эмдөөдөн улам азыр өлкөдө бул илдет менен ооруган адам жок.
"Полиомиелит же шал оорусу курч өтүүчү жугуштуу оору. Көбүнчө кичинекей балдар менен өспүрүм курактагылар оорушат. Ошентсе да кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өтпөй калган чоңдор да ооруну жуктуруп алган учурлар бар. Оору борбордук нерв системасын, биринчи кезекте жүлүндү жабыркатып, өтүшүп кетсе шалга кептей тургандыгы менен кооптуу. Вирус кан аркылуу жүлүнгө барып булчуңдарды иштете турган мотордук клеткаларды талкалайт. Ошондуктан баланын колу-буту иштебей майып болуп калат. Ошондой эле кээде жутуу жана дем алуу булчуңдары да шал болуп, өлүмгө алып келген учурлар бар. Эгер бала шал болуп калса кайра толук калыбына келе албайт. Кыргызстанда 1960-жылдары полиомиелит менен ооруп калып мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо үчүн Ак-Сууда санаторий ачылган. Акыркы жолу шал менен ооруган бейтап 1993-жылы катталган. Ал эми 2010-жылы коңшу Тажикстанда ооругандар катталып, биз үчүн кооптулук жаралган эле. Мурда төрөт үйүндө эле балдардын оозуна шал оорусуна каршы дары тамчылатып койчу элек. Азыр, кудайга шүгүр, аталган илдет менен жабыркаган балдар жок. Бирок дүйнө жүзүндө оору дагы деле бар. Алсак, Кыргызстанга вирустун очогу бар Индия, Пакистандан адамдар келип-кетип жатышат. Ошондуктан азыр улуттук календарь боюнча балдар жылына төрт ирет полиомиелитке каршы вакцина алышы зарыл", — деди Бабажанов.
Дарыгер 2010-жылдан бери шал илдетинин белгилери болгон балдардын анализи тоңдурулуп Москвадагы Чумаков институтуна жөнөтүлүп, ал жактан диагноз коюлуп жатканын кошумчалады.
Электромобилдердин чыгымы кадимки унаалардан 50-70 пайызга аз. Тактап айтканда, бензинге кетирген акчанын ушунча көлөмүн үнөмдөп калууга болот. Бул тууралуу Дастан Чаргынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкек шаарында 200дөй электромобиль айдоочулары бар.
"Электромобилдер шаар ичинде айдоого абдан ыңгайлуу. Биринчиден, экологиялык жактан таза жана күйүүчү майга болгон чыгымды үнөмдөйт. Мисалы, автоунааны 100 чакырымга айдап баруу үчүн 500-700 сом каражат жумшалат. Ал эми электромобиль менен ушул эле аралыкка 10-11 сом коротуп, жетип алууга мүмкүн. Мен өзүм аталган унаанын айдоочусумун. Бизде көпчүлүк адамдар алыс жолго чыга албай калабыз деп кооптонушат. Бирок мен бир жолу кубаттап алып, электр унаам менен Балыкчыга чейин жетип алам", — деди Чаргынов.
Ал ошондой эле электромобилдер коопсуздук жагынан кадимки автоунаалардан кем калбай тургандыгын кошумчалады.