Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдырасулова: жашыл экономиканын өнүгүшү үчүн туруктуулук зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова
Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова өлкөдө жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн эмнелер керектигин айтып берди.
Абдырасулова: жашыл экономиканын өнүгүшү үчүн туруктуулук зарыл

Өлкөдө жашыл экономиканы өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн эң башкысы, өлкөдө саясий жана экономикалык туруктуулук болушу керек. Мындай пикирин Нурзат Абдырасулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасы чакан болгондуктан инновациялык технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк бар.

"Өлкөдө жашыл экономиканын өнүгүшү үчүн бардык жагынан туруктуулук болуусу шарт. Антпесе инвесторлордун келиши оор болуп калат. Ошондой эле бул багыттагы тийиштүү мыйзамдар даярдалуусу керек. Анткени буга чейин жер бөлүп берүү, жергиликтүү бийликтин калк менен иш алып баруусу боюнча ар кандай маселелер жаралып келген. Мындан тышкары, маалыматтык камсыздоону сапаттуу жүргүзүү керек. Карапайым калкка кайсы бир долбоор өлкөгө жана элге кандай пайда алып келе турганы жакшы түшүндүрүлүүсү зарыл", — деди Абдырасулова.

Ошондой эле ал өлкөдө тарифтик саясат туура жолго коюлушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0