Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Романов: пробация анча оор эмес кылмыш жасагандарга колдонулат

© Sputnik / Эркин СадыковЮстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов Кыргызстанда 2019-жылдан баштап пробация мыйзамы иштеп баштаганын айтты.
Романов: пробация анча оор эмес кылмыш жасагандарга колдонулат

Пробация түшүнүгү өлкөгө жаңыдан гана кирип жатат. Кыргызстандыктар үчүн бул жаңылык экенин Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пробацияны латын тилинен которгондо "сыноо" дегенди түшүндүрөт.

"Пробация жарандар үчүн жаңылык катары сезилиши ыктымал. Бирок дүйнөдө бул ыкма кеңири колдонулуп келет. Юридикалык термин катары карай турган болсок, пробация шарттуу түрдө эркинен ажыратуунун бир формасы болуп эсептелет. Ал беш жылга чейин эркинен ажыратылган учурларда, анча оор эмес кылмыштарды жасагандарга колдонулат. Ал жалпысынан сотко чейинки, аткаруучу, пенитенциардык жана постпенитенциардык деп төрткө бөлүнөт", — деди Романов.

Ал "Пробация жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгүндө каралгандай, эркинен ажыратылган адамга социалдык-укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүлөрүн кошумчалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0