Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: вирус коопсуздугуна карабай эс алуучулар көп келүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл районунун акими Данир Иманалиев
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев туристтерди кабыл алуу үчүн атайын эрежелер камтылган документ иштелип чыкканын айтты.
Иманалиев: вирус коопсуздугуна карабай эс алуучулар көп келүүдө

1-июндан тарта Ысык-Көлгө келип эс алууга Республикалык штаб тарабынан уруксат берилген. Андан соң Саламаттык сактоо министрлиги Туризм департаменти менен биргеликте коронавируска каршы иш алып баруу жана андан сактануу боюнча иш-чараларды камтыган буйрук чыгарган. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жогоруда аталган буйруктагы талаптарды пансионат, конок үйлөр аткарган-аткарбаганын текшерип туруу үчүн район администрациясы тарабынан атайын комиссия түзүлдү.

"Быйылкы жайкы сезондо өлкөдөгү абалдан улам пансионат, конок үйлөрдө келгендерди коопсуз абалда кабыл алуу талабы коюлду. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана башка тиешелүү адистерден турган комиссия түзүлгөн. Алар бардык туристтер менен иштеше турган субъектилерди текшерип чыгышат. Учурда 1-2 пансионат эс алуучуларды кабыл алууга даярдыгын билдиришти. Жакынкы 4-5 күн аралыгында алгачкы текшерүү иштери толук жыйынтыкталат. Андан соң гана буйрукта бекитилген талаптарга жооп берген пансионат, конок үйлөргө туристтерди кабыл алууга уруксат берилет. Бирок ошого карабай, учурда Бишкектен жана башка аймактардан келген туристтердин саны абдан көп болууда. Бул өз кезегинде вирустун жайылып кетүү коркунучуна алып келерин ойлоп тынчсызданып жатабыз. Анткени биздин райондон бул убакытка чейин бир дагы COVID-19га чалдыккан адам каттала элек болчу", —деди Иманалиев.

Ал ошондой эле эс алуучуларды ташыган айдоочулар да ар бир жолоочусу тууралуу маалымат алып, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча райондук штабга маалыматты берип турууга милдеттенгенин айтты. Аким бул вирус аныкталган учурда бейтап менен байланышта болгондорду ыкчам аныктоо максатында жасалып жаткандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда Ысык-Көл району Талас облусун эсепке албаганда коронавирус аныкталбаган республикадагы жалгыз район бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0